Кыргызстанда немис тилин үйрөнүүгө колдоо көрсөтүү маселеси талкууланды

Берлин, Германия

Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев 18-июнда Бонн шаарында Германиянын чет өлкөдөгү мектептеги билим берүү боюнча борбордук кеңсесинин (ZfA) жетекчиси Хайке Толедо айым менен жолугушту. Анда Кыргызстан менен Германиянын билим берүү жаатындагы кызматташтыгы талкууланды.

Элчи Өмүрбек Текебаев Кыргызстанда немис тилин үйрөнүүгө колдоо көрсөтүүнүн маанисин белгилеп, эки өлкөнүн билим берүү мекемелеринин ортосундагы байланышты чыңдоо, алдыңкы педагогикалык ыкмаларды жана технологияларды алмашуу зарылчылыгын айтты.

Хайке Толедо мекеменин Кыргызстандагы 30 жылдан ашуун иштеп келе жатканын, немис тарап да Кыргызстан менен кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Германиянын ZfA мекемеси 1993-жылдан бери Кыргызстандагы мектептерде немис тилин окутууга колдоо көрсөтүп келет. “Келечектин өнөктөш мектептери” (PASCH) демилгесинин алкагында мекеме алты мектепти окуу материалдары менен жабдыйт. Ошондой эле мугалимдердин адистигин жогорулатууга колдоо көрсөтүп, германиялык мугалимдерди Кыргызстандагы өнөктөш мектептерге жөнөтөт.

Германия Кыргызстандын тышкы экономикалык алакасында дүйнө өлкөлөрүнүн ичинен алдыңкы ондукта, ал эми Европа өлкөлөрүнүн сап башында. Соңку эки жылда сооданын көлөмү кескин секирик жасап, төрт жарым эсе өскөн.(ZKo)

Дагы караңыз

Сот Токтонасыровду күнөөлүү деп таап, 100 миң сом айып салды Бажы кызматынан Көлбаев менен Матраимовго байланышкан 122 кызматкер иштен алындыЧет элдиктерди кызыктырган Керевшин кереметиТатарстанда кармалып турган тажик мигранттары жардам сурадыИбраев ЖЭБдеги кырсыкка адистер да күнөөлүү экенин билдирди