Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:36

Бажы кызматынан Көлбаев менен Матраимовго байланышкан 122 кызматкер иштен алынды


Райымбек Матраимов менен Камчы Көлбаев. Иликтөөлөр үчүн жасалган коллаж.
Райымбек Матраимов менен Камчы Көлбаев. Иликтөөлөр үчүн жасалган коллаж.

2023-жылы 88 кызматкер жана 2024-жылдын башынан бери 34 кызматкер кримтөбөл, маркум Камчы Көлбаевге жана экс-бажычы, камактагы Райымбек Матраимовдун схемасына тиешеси бар экени аныкталып, кызматтан алынды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Алмаз Салиев “Азаттыкка” курган интервьюсунда билдирди.

Анын айтымында, аталган кызматкерлер Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) менен Бажы кызматынын өзүнүн ички иликтөөлөрүнүн натыйжасында, коррупцияга каршы күрөштүн алкагында аныкталган. Кызматтан алынган адамдардын бир тобуна кылмыш иштери козголгон.

"Кримтөбөл" деп таанылган Камчы Көлбаев 2023-жылдын 4-октябрында Бишкекте УКМКнын атайын операциясы маалында өлтүрүлгөн. Атайын кызмат 9-октябрда аны менен байланышта болгон 40тан ашуун адам кылмыштуу топтун мүчөсү катары кармалганын, ага тийиштүү делген жалпы наркы 1 млрд долларлык активдер камакка алынганын билдирген.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев 2-ноябрда Райымбек Матраимов менен Камчы Көлбаевди “Кыргызстанда мафия түзгөн” деп айыптап, "мындан ары өлкөдө мафиялары болбой турганын" айткан.

Коопсуздук комитети кийинчерээк 225тен ашык мамлекеттик кызматкердин уюшкан кылмыштуу топ менен байланышы бардыгы аныкталганын маалымдаган. Алардын ичинен 133 кызматкер Камчы Көлбаев менен, 92 адам Райымбек Матраимов менен жашыруун байланышта иштешкени аныкталып, алардын жетимиштен ашыгы кызматтан алынган. Ошол маалдагы маалыматта атайын кызмат Бажы кызматында 85 кызматкердин уюшкан кылмыштуу топко байланышы аныкталып, 50 чактысы кызматтан айдалганы айтылган.

Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов жана анын бир туугандары Тилек, Руслан, Исламбек Матраимовдор 25-мартта Азербайжандын атайын кызматы менен биргеликте Баку шаарында кармалып, 26-мартта Бишкекке алынып келген. Тилек Матраимов үй камагына чыккан, калгандары УКМКнын убактылуу кармоочу жайында камакта жатат.

Атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев быйыл 16-майда Кара-Суу шаарында сүйлөгөн сөзүндө Жогорку Кеңешти камакта жаткан мурдагы бажычы Райымбек Матраимовго байланышы бар адамдардан “тазалоо” иштери бүткөнүн, бирок мындай адамдар мамлекеттик кызматтарда дагы деле бар экенин билдирген. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG