Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:40

Татарстанда кармалып турган тажик мигранттары жардам сурады


Орусиядагы күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү колониясы.
Орусиядагы күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү колониясы.

"Азаттыктын" тажик кызматы Татарстандагы чет элдик жарандарды убактылуу кармоочу жайда жаткан тажик мигранттарынын тобу бийликтен жардам сураганын жазды.

Мигранттар журналисттерге укук коргоо кызматкерлери аларды орус армиясында аскердик кызмат өтөөгө жана атайын аскердик операцияга катышууга келишим түзүүнү сунуштаганын айтышкан.

"Алар бизди кагаздарга кол коюуга мажбурлап жатат. Башкача айтканда, биз Украинага согушканы барабыз. Кээ бирибиз бул жерде үч айдан бир жылга чейин болдук”, - деп айтып берген мигранттардын бири “Мигрант медиа” долбооруна жөнөткөн видео кайрылуусунда.

Мигранттарды убактылуу кармоочу жай Татарстандын борбору Казань шаарынан 200 чакырым алыстыкта жайгашкан. Тажик мигранттарды ал борбордо 200гө жакын адам бар экенин айтып, кармоо шарттарына нааразы болушкан.

Быйыл 22-мартта Москва облусунун Красногорск шаарында “Крокус Сити Холл” борборунун 6 миңдей көрүүчүгө эсептелген концерттик залында отургандарга кол салуу болгон. Төрт киши автоматчан кирип барып, адамдарды аткан жана өрт койгон видеолор тараган. Кеминде 145 адамдын өмүрүн алган кол салууга шек саналып кармалгандар арасынан 11 кишинин теги тажикстандык экени аныкталган.

Орусиядагы тажикстандык эмгек мигранттарынын абалы оор экенин 30-апрелде Тажикстандын тышкы иштер министри Сирожиддин Мухриддин Орусиянын башкы дипломаты Сергей Лавров менен сүйлөшүүсүндө айткан.

"Озоди" белгилегендей, жыл сайын миңдеген тажикстандык мигранттар Орусиядан түртүү шылтоо менен чыгарылып, дагы жүздөгөн мигранттар камалып, куугунтукка алынууда. Эксперттердин баамында, Орусия бийлиги эмгек мигранттарынын маселесин Дүйшөмбүгө кысым көрсөтүү ыкмасы катары колдонуп келет. (AiA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG