Административдик аймактык реформанын негизинде 1,8 млрд сом үнөмдөлдү

Жогорку Кеңеш. Иллюстрациялык сүрөт.

Административдик аймактык реформанын негизинде мамлекеттик бюджеттин 1,8 млрд сом акчасы үнөмдөлдү. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин 18-июндагы жыйынында билдирди.

Министр депутат Гуля Кожокулованын суроосуна жооп берип жатып, бул өлчөмдөгү каражат пилоттук түрдө жүргүзүлгөн реформадан түшкөнүн билдирди.

"Биз буга чейин үнөмдөдүк. Пилоттук түрдө кыскартуу жүргүзүлгөн аймактар бар, ошол жактардан 1,8 млрд сом үнөмдөдүк. Мындан кийинки башка аймактарда жүргүзүлүүчү реформадан да бюджеттин акчасы үнөмдөлөт деген оюбуз бар", - деди Амангелдиев.

Комитеттин айрым мүчөлөрү күзүндө өтөрү айтылган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо маселесине кызыгышты. Административдик-аймактык реформанын негизинде күзүндө жергиликтүү кеңештер толугу менен тарап, кайрадан шайлоо болору жарыяланган.

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитети 18-июнда административдик-аймактык реформага тиешелүү Жер, суу кодекстерине жана башка бир катар мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү маселесин карады.

Жогорку Кеңеш 13-июнда административдик-аймактык реформага байланышкан мыйзам долбоорлорун биринчи окууда кабыл алган.

Реформанын жыйынтыгында айыл аймактардын саны 452ден 235ге чейин кыскарган. Анын алкагында штаттык бирдикти каржылоого кеткен чыгым 4,8 миллиард сомдон 3 миллиард сомго чейин кыскарган.

Президент Садыр Жапаров 2023-жылы 30-декабрда “Административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, өлкөнүн дээрлик бардык райондорунда айыл аймактарынын көпчүлүгү ирилештирилген.

Административдик-аймактык реформа пилоттук түрдө 2022-жылы Ысык-Көлдүн бир, Нарын облусунун беш районунда жүргүзүлгөн. (ZKo)

Дагы караңыз

Ташиев мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктештиргендер аны өкмөткө кайтара турганын кайталады“Манас” аэропортунун коду “FRU” аталыштан башкага алмаштырылатФергана: Сууга байланган келечек ИИМ: үй-бүлөлүк зомбулук учурлары боюнча кайрылуулар 15% көбөйдүБишкектеги Дөлөн Өмүрзаков стадиону оңдолуп жататКыргызстан “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол долбооруна Кытайдан насыя алат