Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:30

ИИМ: үй-бүлөлүк зомбулук учурлары боюнча кайрылуулар 15% көбөйдү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Быйыл төрт айда үй-бүлөлүк зомбулук учурларына байланыштуу 4767 учур катталган. Бул өткөн жылдын ушул убактысына караганда 632 учурга же 15,3 % көп. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады. Маалыматка караганда, зомбулук жасаган эркектерге 4135 убактылуу коргоо ордери берилсе (95,1%), 211 учурда аялдарга берилген.

Укук бузуулар жөнүндө кодектин 70-беренесине (үй-бүлөлүк зомбулук) байланыштуу жалпы катталган учурлардын 1363ү боюнча протоколдор түзүлүп, сот органдарынын кароосуна жөнөтүлгөн. Алардын 433ү коомдук иштерге тартылса, 690дон ашууну камалган.

"Үй-бүлөлүк, гендердик жана сексуалдык зомбулуктан сактоо тууралуу" мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору майдын аягында жалпы отурумдун кароосуна чыгарылып, талаш-тартыш жараткан.

Анда айрым депутаттар кыргыздын каада-салтына туура келбеген кошумчалар киргизилген деген жүйө менен колдоодон баш тартып, мыйзам долбоору комитетке кайтарылган.

Соңку учурда өлкөдө аялдарга жана балдарга жасалган үрөй учурган зомбулук фактылары катталууда. Былтыр бир жылда 13104 зомбулук фактысы катталган. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 32,6% көп. (КЕ)

XS
SM
MD
LG