Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадионду реконструкциялоо иштери жүрүп жатат. Ал быйыл күзгө чейин бүтүп калары айтылган.
Ушул тапта стадиондун футболдук аянты толук алынып, көрүүчүлөр отурган отургучтар жаңыланууда.
Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион – Бишкекте эл аралык мелдештерди кабыл ала турган жалгыз жай. Мурда ал “Спартак” стадиону деп аталып, 1939-жылы башталып, 1941-жылы курулуп бүткөн.
1963-жылы кайрадан реконструкцияланган. Стадиондо футболдук аянт, чуркоо жолу, 18 миң күйөрман сыйган трибуна, спорт ийримдери үчүн жайлар бар. (BTo)
Дагы караңыз
Кыргызстан “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол долбооруна Кытайдан насыя алатЖалал-Абадда сел каптаган эки айылдан 300 үйдүн жашоочулары эвакуацияландыБазарбеков Кемпир-Абад иши боюнча өкүм чыгарган судья кызматтан кетпегенин айттыТашиев мамлекеттик мүлктү мыйзамсыз менчиктештиргендер аны өкмөткө кайтара турганын кайталадыМинистрлер кабинетин Жогорку Кеңештин токтомдорун аткарууга милдеттендирген мыйзам комитетте экинчи окуудан өттү