Украина Орусия чабуулун күчөткөнүн билдирди

Александр Сырский.

Орусия Батыштын Украинага курал-жарак жактан көбүрөөк жардамы жакындаган сайын чабуулдарын күчөтө баштаганын бүгүн 17-июнда украин аскерлеринин башкы командачысы Александр Сырский билдирди. Ал орус аскерлери Украинанын көбүрөөк жерин басып алууга аракет кылып жатканын Telegram каналына жазды.

«Душман биздин өнөктөштөрдөн курал-жарак жана аскердик техника көбүрөөк көлөмдө келе башташы менен, абадан коргонуу мүмкүнчүлүгүбүздү бекемдей турган алгачкы F-16 учактарынын келиши менен убакыт биздин пайдабызга иштеп, алардын ийгиликке болгон мүмкүнчүлүгү төмөндөй турганын жакшы түшүнүп турат. Ошондуктан орус аскерлеринин командачылыгы азыркы кезде биздин аскерлерди болушунча алсыратып, резерв даярдообузду үзгүлтүккө учуратып, активдүү чабуулга өтүүбүзгө жол бербөө максатында өзүнүн күжүрмөн аракеттерин ыкчамдатуу жана географиясын кеңейтүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоодо», - деди Сырский.

Бүгүнкү күндө орус аскерлери негизги күчүн чыгыштагы Донецк облусунун Покровск багытындагы фронт тилкесинде топтоп турганын, ал жерде чабуул коюучу сегиз бригада бар экенин, орус күчтөрү өлкөнүн түндүгүндөгү өнөр жай аймагындагы жарандык түйүндөрдү андан ары түштүктөгү шаарлар менен байланыштыруучу негизги транзиттик жолго жана жеткирүү каттамына жакындап калганын айтты.

16-июнда украин президенти Владимир Зеленский Батыштын аскердик жардамы Орусияны жеңиш үчүн жетишсиз экенин айткан.

"Жардам берилип жатат. Олуттуу жардам бар. Жеңиш үчүн ошол жетиштүүбү? Жок. Кеч болуп калдыбы? Ооба", - деди ал Швейцарияда Украина боюнча саммитте журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Украина Орусиянын толук масштабдуу агрессиясына кабылган күндөн тартып Батыштагы өнөктөштөрүнөн курал-жарак, биринчи кезекте абадан коргонуу системасын жакшыртуу жагынан жардам сурап келе жатат. Согуштун алгачкы жылында алган жардамы бир топ ийгиликке жетүүгө, орус аскерлери ээлеп алган кээ бир аймактарын кайтарып алууга мүмкүнчүлүк берген. Бирок андан кийин жардам азайып, бара-бара дээрлик токтогон. Өлкө жетекчилиги Батыш убада кылган жардам убагында берилбей, аскерлеринен да, жерлеринен да айрылып жатканын билдирген. Жардам быйыл соңку айларда гана кайрадан бериле баштады. (RK)

Дагы караңыз

Султан Раев: Ауэзовдордун генетикалык коду - акыйкаттык, чындык үчүн күрөшОрусия: Аэропорттогу текшерүү, базардагы рейдИзраил: БУУ Газага гумжардам үчүн ачылган жолду пайдалана элекИИМ: үй-бүлөлүк зомбулук учурлары боюнча кайрылуулар 15% көбөйдү