Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:12

Израил: БУУ Газага гумжардам үчүн ачылган жолду пайдалана элек


Газа.
Газа.

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) Газанын түштүгүндө гуманитардык жүктү алып өтүү үчүн Израилдин армиясы түзгөн жолду азырынча пайдалана элек. Бул тууралуу бүгүн 17-июнда Израилдин коргоо мекемеси билдирди.

Жекшемби күнү Израил Газага гумжардамдын жеткирилишин камсыздоо үчүн 15-июндан тартып күн сайын саат эртең мененки 8ден кечки 7ге чейинки убакыт аралыгында «Карем-Шалом» өткөрмө бекетинен Салахеддин жолуна чейинки тилкеде «тактикалык тыныгуу» болорун, жалпысынан 11 саат бою ок атылбай турганын жарыялаган.

«Бизде ХАМАСты жеңебиз, анын аскердик базасын жок кылабыз деген чечкиндүүлүк толук бар. Ошол аракетибизди уланта беребиз жана гуманитардык жардамдын Газага жетүүсүн да камсыздайбыз. Азыркы тактикалык тыныгуубуздун максаты - жардамды бөлүштүрүү маселеси чечилип жатканына ынандыруу. Биз эл аралык уюмдарды өз ишин аткарууга жана жардам Газа элине таратылып жатканына ынанууга дагы бир жолу үндөйбүз», - деди Израил армиясынын өкүлү Даниэл Хагари.

Газага деп жөнөтүлгөн эл аралык жардам сектордогу муктаж жай тургундарга жетпей жатат деп Израил БУУну айыптап келет. Ал эми Улуттар Уюму буга израилдик аскерлердин «узак жана негизсиз» текшерүүлөрү менен чабуулдары себеп экенин айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG