Кыргызстанда боорун алмаштырган бейтаптардын абалы орточо оор экени айтылды

Боор алмаштыруу операциясы жүрүп жаткан учур. Бишкек. 10-июнь, 2024-жыл. Сүрөт Саламаттык сактоо министрлигиники.

Кыргызстанда алгачкылардан болуп боорун алмаштыруу операциясы жасалган бейтаптардын абалы туруктуу жана орточо оор абалда экени айтылды. Саламаттык сактоо министрлиги жакшы жылыштар байкалып жатканын, бейтаптарда өт бөлүп чыгаруу процесси иштей баштаганын билдирди. Бейтаптарга керектүү болгон дары-дармек жетиштүү экени кабарланды.

Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, министр Алымкадыр Бейшеналиев жана түрк дарыгерлери менен күн сайын онлайн кенешме өтүп жатат.

"Донорлордун абалы туруктуу жана эч кандай даттануулары жок", - деп айтылат маалыматта.

Бишкектеги Кыргыз-түрк достугу ооруканасында 10-июнь күнү аталган ооруканада 51 жаштагы бейтаптын боору алмаштырылган. 50 жаштагы экинчи бейтапка операция ушул эле ооруканада 11-июнда болгон. Ага донор болгон кызынын да абалы туруктуу экени кабарланган.

Боорду алмаштыруу программасынын башталышы үчүн президенттик фонддон 1 млн доллар бөлүнгөн.

Расмий маалыматка ылайык, учурда Кыргызстанда 17 миңдей адам боор оорусунан жабыркап келет. Алардын ичинен бир канчасы трансплантацияга муктаж.

Быйыл февраль айында Кыргызстанда алгачкы жолу бөйрөк алмаштыруу операциясы ийгиликтүү аяктаган. Андан бери он чакты бейтапка операция жасалды. Кезекте 110 бейтап турат. (КЕ)

Дагы караңыз

Орусияда полиция бөлүмүндө "Украинага даңк" деп кыйкырган казакстандык 13 күнгө камалдыШвейцария Орусия менен тынчтык саммитинин жыйынтыгын талкуулоо ниетиндеИзраил Газанын түштүгүндө “тактикалык тыныгуу” жарыяладыОлимпиада алдында Сенада ичеги-карын оорусун козгогон таякчалар табылды