Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:57

Олимпиада алдында Сенада ичеги-карын оорусун козгогон таякчалар табылды


Сена дарыясы. Париж
Сена дарыясы. Париж

Париждеги Сена дарыясында Олимпиадага эки ай калганда ичеги-карын оорусун козгогон таякчалардын жана энтерекокктордун кооптуу деңгээли аныкталды.

Бул тууралуу Associated Press (AP) дарыялардагы суунун сапатын текшерген топко шилтеме берип жазды.

Ич өткөктү козгогон, атүгүл менингитке алып келиши ыктымал бактериялар француз башкалаасына тынбай жаан жаагандан кийинки аптада табылган. Агенттик түшүндүргөндөй, жамгыр саркынды суу системасына толуп калып, көчөлөрдү суу каптабасын деп, анын бир бөлүгү Сенага төгүлүп турат. Мындан улам былтыр сууда сүзүү жарыштары башка жерге которулган.

Сена кир болгонуна байланыштуу ага түшүүгө 100 жылдан ашуун убакыт мурда тыюу салынган. Майда маселени чечүү үчүн жер астында суу сактагыч курулган.

Эл аралык Олимпиада комитети оюндар учурунда сууда сүзүү мелдештери дарыяда, Эйфел мунарасынын жанында өтөт деп үмүттөнүүдө. Париждин мэри Анн Идалго жарыштар алдында Сенага түшөрүн кайталады.

Жайкы Олимпиада 26-июлдан 11-августка чейин өтөт.

XS
SM
MD
LG