Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:49

Израил Газанын түштүгүндө “тактикалык тыныгуу” жарыялады


Газадагы Курман айт намазы. 16-июнь 2024-жыл
Газадагы Курман айт намазы. 16-июнь 2024-жыл

Израил армиясы көбүрөөк гуманитардык жардамдын жеткирилишин камсыздоо үчүн Газа тилкесинин түштүгүндө “тактикалык тыныгуу” жарыялады. AP агенттигинин маалыматына караганда, бир нече күн бою 12 километр зонада саат 8ден 19га чейин ок атылбайт.

Бул аралыкта Израил көзөмөлдөгөн Керем-Шалом өткөөлү аркылуу тилкенин калган бөлүгүнө жардам жеткирилип турат.

ЦАХАЛ Курман айтта башталган тыныгуу тууралуу чечим БУУ жана башка эл аралык агенттиктер менен талкуудан кийин кабыл алынганын билдирди. Бирок маалыматка ылайык, анклавдын калган жерлеринде аскердик операция уланмакчы, гуманитардык жардам жеткирүүнүн жалпы эрежелери өзгөртүлбөйт.

Бириккен Улуттар Уюму азырынча бул тууралуу комментарий жасай элек. Эл аралык уюмдар сегиз айга аяк баскан согуштан улам Газанын калкы ачарчылык, гуманитардык апаат коркунучуна кептелгенин көптөн бери эскертип келет.

Тилкенин түштүгүнө бир миллиондон ашуун киши агылган. Көбү ага чейин да жер которууга аргасыз болгон. Алар алачыктарда, чатырларда түнөп келатат.

БУУнун Гуманитардык жардам боюнча кеңсеси билдиргендей, 6-майдан 6-июнга чейин уюм күнүнө 68 машина жүк алып турду. Апрелде бул көрсөткүч 168ге жетчү. Бул – элдин муктаждыктарын канааттандыруу үчүн зарыл болгон 500 машинадан кыйла аз.

Тыныгуу режими киргизилгенде израилдик аскерлер гуманитардык жардамдын коопсуздугун камсыздайбы же жокпу, азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG