Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:36

Швейцария Орусия менен тынчтык саммитинин жыйынтыгын талкуулоо ниетинде


Швейцариянын Тышкы иштер министри Киевдеги иш сапары учурунда. (архивдеги сүрөт).
Швейцариянын Тышкы иштер министри Киевдеги иш сапары учурунда. (архивдеги сүрөт).

Швейцария 15-16-июнда өткөн Украинадагы тынчтык боюнча эл аралык конференциянын жыйынтыгын ага катышпаган Орусия, Кытай жана башка өлкөлөр менен талкуулоону каалайт. Бул тууралуу Швейцариянын тышкы иштер министри Игнацио Кассис тынчтык саммитинен кийинки маалымат жыйынында билдирди.

"Москвада биздин элчилигибиз бар жана биз эки жума сайын тышкы иштер министри менен сүйлөшүп турабыз. Андыктан биз саммиттин жыйынтыгын Орусия менен талкуулоо ниетибиз бар", - деди Кассис. Тынчтык саммитин уюштурган Швейцариянын өкүлдөрү Украинада тынчтыкка жетүү үчүн жаңжалга катышкан бардык тараптардын, анын ичинде Орусиянын катышуусу зарыл экенин бир нече жолу айтышкан. Саммитке катышуу үчүн Москвага чакыруу жөнөтүлгөн эмес. Бул Украинанын талабы болгон.

Швейцариянын башкы дипломаты конференциянын жыйынтыгын ага катышуудан баш тарткан башка өлкөлөр, оболу Кытай менен талкуулоо пландалып жатканын белгиледи. Кассистин айтымында, тынчтыкка жетишүү тууралуу ар кандай ойлор болушу мүмкүн жана жалпы жол табуу максатында аларды бириктирүү керек.

Швейцариядагы Тынчтык саммитине катышкан 91 өлкөнүн 80и Орусия баштаган согушка чекит коюуну көздөгөн кандай гана тынчтык келишими түзүлбөсүн, ал Украинанын “аймактык бүтүндүгүн” сактоо принцибине негизделиши керек деп билдиришти. Алардын арасында АКШ, Европа биримдигине кирген балдар өлкөлөр, Жапония, Австралия, Сербия, Грузия, Молдова, Түркия, Африканын айрым өлкөлөрү жана Латын Америкасындагы мамлекеттер бар. Рейтер кабар агенттигинин маалыматында, коммюникеге кол коюудан баш тарткан мамлекеттер арасында Сауд Арабиясы, Таиланд, Индия, Мексика, Түштүк Африка, Бириккен Араб Эмираттары болду.

16-июнда аяктаган эки күндүк жыйынга Орусия чакырылган эмес, Кытай катышуудан баш тарткан. Айрым мамлекеттер Киевдин демилгеси менен өткөрүлгөн саммиттин жыйынтыктоочу билдирүүсүн колдогон жок.

Москва саммитти уюштурган Швейцарияны сындап, анын катышуусуз өткөн иш-чарадан майнап чыкпасын, чакырылган күндө да аны четке кагарын билдирген.

Путин чабуулдарды токтотуп, тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоо үчүн Киевден аскерлерин Донецк, Луганск, Запорожье жана Херсон облустарынан толук чыгарууну, НАТОго мүчө болуудан баш тартууну талап кылган. Конференцияда сүйлөгөндө АКШнын вице-президенти Камала Харрис Владимир Путиндин билдирүүсүн тынчтыкка жетишүү эмес, “капитуляция сунушу” деп сыпаттады.

Украина жана Батыш бул сунушту дароо четке кагышкан.

XS
SM
MD
LG