Бишкекте оңдолуп жаткан жолдун алгачкы бөлүгү ачылат

Ахунбаев көчөсүнүн оңдолгон тилкеси. Бишкек. Июнь, 2024-жыл.

Борбор калаадагы оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн убактылуу жабылган жолдордун алгачкы бөлүгү ачылуу алдында турганын шаар мэриясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ахунбаев көчөсүнүн Манас проспектисинен Токтоналиев көчөсүнө чейинки тилкеси мөөнөтүнөн он күн эрте аяктап, 18-июндан тарта пайдаланууга берилет.

15-июнь күнү шаар мэри Айбек Жунушалиев тиешелүү кызматтардын жетекчилери менен чогуу жолдун оңдолуп бүткөн тилкесин көрүп чыкты.

Ахунбаев көчөсүн Манас проспектинен Жукеев-Пудовкин көчөсүнө чейинки тилкесин "Жолкурулуш групп" компаниясы ишке ашырууда.

Ушу тапта Бишкектеги бир катар борбордук көчөлөрдө оңдоо иштери жүрүп жаткандыктан, кыймыл убактылуу токтотулган.

Шаар жетекчилиги жолдордун баары 31-август, Эгемендик күнүнө чейин оңдолуп бүтөрүн убада кылган.(ZKo)

Дагы караңыз

"Кырылып калбаш үчүн Кантка келишкен". Сүргүнгө айдалган азерилер Казакстандык белгилүү коомдук ишмер, илимпоз Мурат Ауэзов каза болду "Сахарово" согушка тартчу жайга айланды". Мигранттар укугун коргоого чакырышты Курман айт намазы мечиттерде окулдуБоттор Украинага каршы миңдеген пост жазышкан