Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:10

Боттор Украинага каршы миңдеген пост жазышкан


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Орусиялык бийликтерге байланышы бардыгы болжолдонгон боттор бир суткада 120 миңге чамалуу пост жарыялаган.

Посттордо Женифер Энистон, Скарлетт Йохансон, Ален Делон жана башка жүздөгөн атактуу адамдардын батыш өлкөлөрүн Украинага жардам берүүнү токтотууга чакырган цитаталары жазылганына "Агентство" басылмасы жазды.

Агенттик "Кремлдин маалыматтарын Батышка бурмалап жеткирип иштеген" "Двойник" тармагын атаган. Маалыматка ылайык, жумадан ишембиге караган түндө эле социалдык тармактарда элүүдөн ашуун фейк цитаталар жарыяланган, аны "Двойниктин" аккаунттары 120 миңден ашуун ирет бөлүшкөн. Постту жүз миңдеген адам көргөн.

Фейк цитаталар менен сүрөттөр англис, француз, немис жана поляк тилдеринде жазылган. Фейк цитаталар Анжелина Жоли, Люк Бессон, Лиоенл Месси сыяктуу атактуулардын атынан да жазылган.

Боттор алардын атынан "Европа кыйрап баратат", "Европа жакырланды" деп жазышкан. Ырчы Элтон Жондун фейк аккаунту "Биз Украинанын Европаны кыйратуучу тузагына түшүп калдык" деп жазган.

"Агентство" мурдараак интернет-боттор буга чейин Х (мурдагы Твиттер) социалдык тармагына Экинчи дүйнөлүк согушта фашисттик Германиянын жеңилишиндеги СССРдин ролу тууралуу Голливуд жылдыздарынын фейк цитаталарын жарыялашканын белгиледи. 9-майдын алдында атактуу 13 адамдын сүрөтү СССР жана Кызыл Армия тууралуу түрдүү убактарда айткан фейк сөздөрү менен чыккан.

Орусиядан башкарылган боттор атактуу адамдардын аты жана сүрөттөрү колдонулган фейк цитаталарды буга чейин да чыгарып келишкенин белгилөөдө. 2023-жылы ноябрда алар Батыштын Бейонсе, Опра Уинфра, Роналду сыяктуу жылдыздарынын "украиндерге жардам берүүнү токтотуу" талабы жазылган фейк кайрылууларын жарыялашкан.

Кремлдин бот-тармактары белгилүү чет элдик маалымат каражаттарын да фейк-постторду жарыялоого колдонуп келген. Мисалы, француздардын Шарли Ебдо (Charlie Hebdo) сатиралык журналынын фейк сүрөтүн колдонуп, Украинаны шылдыңдаган карикатура жарыялашкан.

Орусия Украинага 2022-жылы 24-февралда кол салган.

XS
SM
MD
LG