Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:57

Курман айт намазы мечиттерде окулду


Борбордук мечиттеги Курман айт намазы. Бишкек. 2024-жыл.
Борбордук мечиттеги Курман айт намазы. Бишкек. 2024-жыл.

16-июнда Курман айт намазы Кыргызстандын бардык аймактарында мечиттерде окулду. Аянттарда окууга коопсуздуктан улам уруксат берилген жок.

Бишкектеги борбордук мечитте окулган Айт намазга президент Садыр Жапаров катышканы кабарланды. Айт намазга катышты. Социалдык тармактарда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев да мечитте Айт намаз окугандардын катарында отурган сүрөтү тарады.

Президент Садыр Жапаров айт намазда. 16-июнь, 2024.
Президент Садыр Жапаров айт намазда. 16-июнь, 2024.


Курман айт, ислам эрежелерине ылайык, Орозо айттан 70 күндөн кийин, ажылык зыяраттын соңунда белгиленет. Кыргызстандык зыяратчылар быйылкы ажылык сапарга 31-майдан тарта кете баштаган.

Быйыл Орозо айт 10-апрелде белгиленген. Орозо айт намазы да коопсуздуктан улам облус, шаарлардын аянттарында эмес, мечиттерде гана окулду.

Айт намазы. 16-июнь, 2024-жыл.
Айт намазы. 16-июнь, 2024-жыл.


Бир канча жылдан бери Айт жана Курман айт намазы Бишкектин эски аянтында, облус борборлорундагы аянттарда окулуп, ага он миңдеген кишилер катышып келген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG