Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:22

Казакстандык белгилүү коомдук ишмер, илимпоз Мурат Ауэзов каза болду 


Мурат Ауэзов
Мурат Ауэзов

14-июнда Казакстандык мамлекеттик жана коомдук ишмер, чыгыш таануучу, кытай боюнча белгилүү адис Мурат Ауэзов 81 жашында акка моюн сунду. Казакстан ПЕН клубунун президенти Бигелди Габдуллиндин Фейсбукка коомдук ишмер узакка созулган оорудан улам көз жумганын жазды.

Ал казак адабиятынын классиги, жазуучу, манас изилдөөчү Мухтар Ауэзовдун уулу.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Мурат Ауэзовдун үй-бүлөсүнө жана жакындарын көңүл айтты.

"Казак адабиятын, маданиятын, тарыхын терең изилдеп, артына өлчөөсүз мурас калтырды. Саясий жана коомдук иштери менен Казакстандын эл аралык деңгээлде кадыр-баркын көтөрүүгө зор салым кошту" деди Токаев.

Коомдук ишмер менен коштошуу зыйнаты 16-июнда Алматыдагы Мухтар Ауэзов атындагы улуттук драма театрында өтөт.

Мурат Ауэзов 1965-жылы Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин Чыгыш тилдери институтун бүтүрүп, филология жана чыгыш таануу адистигине ээ болгон

Адабият теориясы боюнча филология илимдеринин кандидаты. Маркум "Казакфильм" киностудиясында башкы редактор (1981-1987), Казакстан Жазуучулар союзунун көркөм котормо жана адабий байланыш комитетинин жетекчиси (1988-1990), Казакстандагы «Мир» телерадиокомпаниясынын көркөм жетекчиси болгон (1990).

Мурат Ауэзов мамлекеттик кызматта да иштеген, Казак ССР Жогорку Советинин депутаты болгон. Казакстандын Кытай Эл Республикасындагы биринчи элчиси болгон. Улуттук китепкананын директору сыяктуу кызматтарды аркалаган.

Мурат Ауэзов жүздөгөн макалалардын жана бир канча китептин автору. Ал коомдук-саясий турмушка да активдүү катышкан.

Жаш кезинде Москвада окуган казак жаштарынын арасында улуттук маданиятты өнүктүрүүгө багытталган "Жаш тулпар" маданий-агартуу уюмуна кирип, андан соң "Невада-Семей" антиядролук кыймылынын вице-президенти, теңтөрагасы болгон. "Азамат" кыймылынын мүчөсү, "Сорос-Казакстан" фондунда жетекчилик кызматты аркалаган жана "Коомдук коргоо" фондунун негиздөөчүлөрүнүн бири болгон.

Өмүрүнүн акырына чейин Казакстандагы коомдук-саясий процесстер тууралуу пикирин айтып, жарандык позициясын билдирип келген. 2006-жылы Алматыдагы "Шаңырақ окуясы" учурунда камакка алынып, абакка кесилген жарандарды коргоо боюнча коомдук комитеттин мүчөсү болгон жана узак мөөнөткө соттолгон Арон Атабекти бошотуу боюнча арачы түшкөн.

2022-жылдын Январь окуясында кармалгандарды бошотуу максатында түзүлгөн "Араша" коргоо комитетине мүчө болуп кирген.

Мурат Ауэзов кытай боюнча мыкты адис катары белгилүү эле.

Ал Кытайдын Борбор Азияга таасири тууралуу да бир нече жолу өз пикирин билдирген.

XS
SM
MD
LG