Amnesty International эл аралык укук коргоо уюму Кыргызстанда Кемпир-Абад маселесине байланыштуу кармалгандардын арасынан 22 кишинин сотто акталып чыгышын кубаттаган билдирүү таратты. Уюмдун Чыгыш Европа жана Борбор Азия аймагы боюнча директору Мари Стразерс 14-июндагы билдирүүсүндө сот чечимин адилеттиктин жана адам укугунун жеңиши деп атады:
"Буларга тагылган айыптар саясий жактан негизделген болчу, иш дал келбестик жана процессуалдык мыйзам бузуулар менен коштолуп келди. Алар өзүлөрү көптөгөн айлар бою адамкерчиликсиз мамилени башынан өткөрүштү. Тийиштүү медициналык жардам ала алышкан жок. Алар өзүнүн жарандык укугун тынч ишке ашырганы үчүн эле эч качан айыпталышы, соттолушу керек эмес болчу”.
Amnesty International уюму бийликти бул ишти токтотууга, камактагыларды токтоосуз боштондукка чыгарууга буга чейин чакырып келген.
Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков 14-июнда Кемпир-Абад иши боюнча “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен шек саналган саясатчы активисттердин баарын актады.
Кемпир-Абад иши боюнча башта 27 кишиге айып тагылып кармалган. Алардын ичинен 22 кишиге актоо өкүмү чыкты.
Алар: Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров, Жеңиш Молдокматов, Айданбек Акматов, Марат Баязов, Айбек Бузурманкулов, Илгиз Шаменов, Тимур Махмудов, Рита Карасартова, Клара Сооронкулова, Али Шабдан, Эрлан Бекчоро уулу, Асия Сасыкбаева, Гүлнара Журабаева, Перизат Суранова, Улукбек Маматаев, Таалай Мадеминов, Чыңгыз Капаров, Нурлан Асанбеков, Атай Бейшенбек, Акыл Айтбаев жана Мамбетжунус Абылов.
Ал эми беш айыпталуучунун иши өзүнчө бөлүнгөн. Орозайым Нарматова менен Талантбек Эшалиевдин иши буга чейин эле өзүнчө өндүрүшкө алынган. Ден соолугуна байланыштуу дарыланып жаткандыктан саясатчылар Кеңешбек Дүйшөбаев менен Бектур Асановдун жана Жогорку Кеңешке шайлоого талапкер болгон Кубанычбек Кадыровдун да иши жакында эле өзүнчө бөлүндү. (ZKo)
Дагы караңыз
Байсалов Кемпир-Абад иши боюнча сот "чоң тарбиялык иш болгонун" айтты Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандар акталды"Чоң жети" орусиялык активден Киевге 50 млрд доллар бөлөтФутбол: "Ак шумкарга" кандай атаандаш туш болот?