"Чоң жети" орусиялык активден Киевге 50 млрд доллар бөлөт
Киев Вашингтон жана Токио менен коопсуздук макулдашуусун кабыл алды. Тиешелүү документтерге “Чоң жети” саммиттинин алкагында кол коюлду. Анын алдында АКШ бул макулдашуу Украинаны азыр жана келечекте колдорун ишарат кылган чоң белги экенин билдирди. Италияда өтүп жаткан жыйында кубаттуу өлкөлөрдүн лидерлери чет жакта камакка алынган орусиялык активдердин эсебинен Киевге 50 миллиард доллар насыя берүүнү чечишти.