Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы 2026-жылы АКШ, Мексика жана Канадада өтө турган Дүйнө чемпионатын тандоо оюндарынын үчүнчү туруна өттү. Келерки баскычта Кыргызстан Азиядагы 18 кураманын катарында дүйнө чемпиондугу үчүн 8 жолдомонун бирин алууга күч үрөйт.
Кураманын кийинки баскычка чыгуу мүмкүнчүлүгү канчалык? Дүйнө чемпионатына тандап алуу оюндарынын жол-жобосу кандай? Алдыда кенен талдайбыз.
11-июнда Омандын борбору Маскат шаарында өткөн беттеште Кыргызстандын курамасы Оман менен 1:1 эсебинде тең ойноду. Беттештеги голду 19-мүнөттө Элдияр Зарыпбеков киргизди. Экинчи таймдын 59-мүнөтүндө Али-Шамси эсепти теңей алды.
2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандоо оюндарынын экинчи турунда Кыргызстан D тайпасына Кытай Тайбэйи, Малайзия жана Оман курамалары менен жайгашкан.
Тайпада 13 упай топтогон Оман биринчи, 11 упай менен Кыргызстан экинчи орун менен дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын 3-туруна өттү. Малайзия 10 упай топтосо, Кытай Тайбэйи бир да упай алган жок.
Бүгүн 13-июнда курама команда Бишкекке кайтып келип, ушул эле күнү кечинде башкы машыктыруучу Штефан Тарковичтин кызматтан кеткени маалым болду.
Кыргыз футбол биримдигинин жетекчилигинин сүйлөшүүлөрүнөн кийин Штефан Таркович менен түзүлгөн келишимдин мөөнөтү аяктаган соң кызматташууну токтотуу чечими кабыл алынганын маалымдады.
Штефан Таркович Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы менен 19 оюн өткөрдү. Анын ичинен алты жолу жеңип, төрт ирет тең чыкты жана тогуз жеңилүү бар.
2023-жылы 24-апрелде Кыргыз футбол биримдигинин аткаруу комитетинин кезектеги жыйыны өтүп, анда башкы машыктыруучулукка сунушталган 30 талапкердин ичинен Штефан Таркович тандалган. Аны менен 2024-жылдын 30-июнуна чейин келишим түзүлгөн.
Кыргыз футбол биримдиги 14-июнда Тарковичтин ордуна Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп орусиялык адис Максим Лисицын дайындалганын кабарлады.
Жаңы башкы машыктыруучу менен келишим бир жылга келишим түзүлдү.
46 жаштагы Максим Лисицын курама команданы 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын 3-баскычына даярдайт. Мелдештер сентябрь айында башталат.
Маалымат боюнча, ал Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн төрт жыл мурда баштаган. 2022-жылы анын жетекчилиги менен Кыргызстандын U-20 жаштар курамасы Азия кубогунун финалдык бөлүгүнө чыккан. Андан сырткары, Кыргызстандын Олимпиадалык U-23 курама командасын Азия биринчилигинин тандап алуу оюндарында жетектеген.
Спорт журналисти Тенгелбес Мусаев Лисицынди коргоонуга басым жасаган машыкытуруучу катары сыпаттады:
“Бул чечимге ар түрдүүчө түшүнсө болот. Бир жагынан Кыргызстандын жаштар жана Олимпиадалык курамаларын Лисицын жетектеген учурдагы статистикасын ала турган болсок - бул өтө деле жагымдуу эмес. Анткени 13 расмий беттеште болгону үч эле жеңиш жана эки тең чыгуу, калган сегизи жеңилүү. Бирок, бир четинен Кыргыз футбол биримдигине жергиликтүү футболду билген жана оюнчуларды жакшы түшүнгөн адис керек болчу. Анкени, курамага адаптация болгонго убакыт тар. Сентябрда оюндар башталат. Ал Кыргызстандын Олимпиадалык курама командасынын башкы машыктыруучусу. Бул ал үчүн эки курамада бирдей оюн стилин койгонго жардам берет. Жаш оюнчуларга улуттук курамага киргенге жеңил болот. Оюн стили болсо коргонууга басым жасаган машыктыруучу. Анын командасы дайыма өз дарбазасына өтө аз гол өткөрөт. Анан коргонуудан контр чабуулга чыкканга жөндөмдүү. "Ак шумкарларды" алдыда өтө оор 10 беттеш күтүп турат. Футбол биримдигин азыркы чечими туура же туура эмес экенин алдыдагы оюндар көрсөтөт”.
Максим Лисицын Орусиянын "Черноморец", “Кубань” клубдарында ойногон. 2001-жылдан бери машыктыруучулук менен алектенип, Краснодар крайынын “Футбол академиясы-98”, “Сочи-2”, “Краснодар-2”, “Урожай” клубдарын машыктырган. Учурда Бишкектин "Дордой" клубунун дагы башкы машыктыруучусу болуп эмгектенет.
Азиянын 18 мыкты командасы
Эми тандоо оюндарынын үчүнчү раундуна чыккан башка курамаларга токтолсок. Экинчи раунддун тандоо оюндарында 36 курама тогуз тайпага бөлүнүп ойногон. Тайпада биринчи жана экинчи орунду ээлеген 18 команда кийинки баскычка жана 2027-жылы өтө турган Азия Кубогуна жолдомо алды.
Алар: Катар, Кувейт, Жапония, Түндүк Корея, Түштүк Корея, Кытай, Оман, Кыргызстан, Иран, Өзбекстан, Ирак, Индонезия, Иордания, Сауд Арабиясы, Бирикен Араб Эмираттары, Бахрейн, Австралия жана Палестина курамалары.
Үчүнчү раундун оюндары 27-июнда өтө турган чүчүкулакта белгилүү болот. Бул раунда 18 курама алтыдан үч тайпага бөлүнөт. Оюндар үйдө жана конокто өтүп, тайпада биринчи жана экинчи орунду ээлеген командалар түз эле Дүйнө чемпионатына жолдомо алат. Ал эми үчүнчү жана төртүнчү орунду ээлеген алты команда төртүнчү баскычта ич ара эки тайпага ойноп, уткан эки команда чемпионатка жолдомо алат.
Учурда үчүнчү айлампага чыккан курамалар ФИФА рейтингине ылайык 6 торчого бөлүндү. Ушул торчонун негизинде командалар үч тайпага бөлүнөт. Кыргызстан 5-торчого туш болду. (Бир торчого түшкөн курамалар бир группага түшүшпөйт).
Биз Кыргызстандын үчүнчү этаптагы мүмкүнчүлүктөрүнө токтолсок. Ак шумкарлардын дүйнө чемпионатына чыгуу мүмкүнчүлүгүн футбол серепчилери түрдүүчө талдап башташты.
Спорт журналисти Тенгелбес Мусаев өзүнүн Телеграмдагы баракчасына ак шумкарлардын үчүнчү раунддагы таандаштары ким болоорун болжолдоп көргөн:
"Түштүк Корея менен бир тайпага туш болсок деп тилеп турам. Анткени Жапония жана Иран менен жакында эле ойногонбуз. Анан деңгээли жагынан айырмачылык деле жок. Баары күчтүү командалар. Түштүк Корея курамасынын катарында Азиядагы алдыңкы жана АПЛ (Англиянын футбол боюнча Премьер-Лигасынын) мыкты оюнчусу Кыргызстанга келиши резонанс жарат. Ал эми экинчи торчодон Австралия өтө күчтүү курама. Анын ойноо тактикасы, оюнчуларынын чеберчилиги Катар менен Иракка салыштырмалуу бир топ жогору. Анан калса тогуз жылдан кийин эки кураманын жаш оюнчуларын салыштырып көрсөк деген ой. Үчүнчү корзинадан Сауд Арабия курамасы туш болсо жакшы болмок. Башкы машыктыруучусу, деңгээли жана түз эфирлерди сатуу жагы анан албетте Катарда өткөн Азия Кубогундагы жеңилүү үчүн реванш алууга мүмкүнчүлүк болмок. Төртүнчү корзинадан БАЭ - бир эле сөз реванш. Ал эми алтынчы торчодон болсо Кувейт - күчүбүз тең атаандаш".
Спорт журналисти Бахтияр Кыдыралиев Кыргызстандын футбол курамасынын жолдомо утуу мүмкүнчүлүктөрү тууралуу буларга токтолду:
“Тарыхта биринчи жолу бир аракет менен эле Азия кубогуна түз жолдомо алдык. Кийинки баскычка чыктык. Эми Азиянын мыкты командалары Бишкекке келип оюн көрсөтөт. Кыргызстандын дүйнө чемпионатына чыгышы тууралуу айтсак, 90го -10% пайызды гана түзөт. Кандайдыр бир футболдун керемети болуп кетип эле чыкпаса, ал жака азырынча оюнчуларыбыз жаш жана тажрыйбабыз да аз. Андыктан биздин курама Бишкекте өтө турган оюндарда күйөрмандарга эргүү тартуулап бериши керек. Эгер реалдуу алып карай турган болсок, Кыргызстан кийинки, 2030-жылы өтө турган дүйнө чемпионатына чыгышы мүмкүн. Азыркы өсүп келе жаткан муундар, өлкөдөгү ачылганына 4-5 жыл болгон футболдук академиялар бар. Ошондо тарбияланып жаткан балдар алды азыр Кыргызстандын футбол чемпионатында ойноп башташты. Менимче биз ошол футболчулар менен дүйнө чемпионатына чыга алабыз”.
2026-жылы дүйнө чемпионатында биринчи жолу 48 курама команда катышат. Бул мелдешке тандоо оюндары 2025-жылдын ноябрь айында жыйынтыкталат. Бул жолу Азия чөлкөмүнөн сегиз командага мүмкүнчүлүк берилген.
Футбол аналитиктери Азияда Жапония, Түштүк Корея, Иран менен катар эле Өзбекстандын дагы дүйнө чемпионатына чыгуу мүмкүнчүлүгү жогору деп баалап жатышат. Ошол эле маалда Кыргызстандын оюндарына дагы чоң үмүт арткандар бар.
Өзбекстандык спорт журналист Камолиддин Алимов Кыргызстан менен Өзбекстан үчүнчү айлампада бир тайпага түшүп калышы мүмкүн деген ойдо.
"Өзбекстандын Дүйнө чемпионатына жолдомо алуу мүмкүнчүлүгү жогору. Анткени тандоо оюндарында бир да жеңилүүсүз 14 упай менен жыйынтыктады. Е тайпасында Иран, Гонконг, Түркмөнстан менен бир ойноду. Иран менен болгон эки оюнда тең чыкты. Болгону голдорунун саны көп болгону үчүн Иран биринчи орун менен тайпадан чыкты. Өзбекстан менен курама командасы Сауд Араиясы жана Иордания менен үчүнчү торчодон орун алды. Бул курамалар менен бир тайпага туш болбойт. Ал эми бешинчи торчодон орун алган Кыргызстан менен бир тайпага туш болуп калышы мүмкүн. Кантсе да үчүнчү раунддун тандоо ондары өтө кызыктуу болот".
Азия чөлкөмүнөн Дүйнө чемпионатына такай катышып келген курамалар - Түштүк Корея (11 жолу), Жапония (жети жолу), Австралия, Иран, Сауд Арабия (алты жолу), Түндүк Корея (эки ирет), Индонезия, Кувейт, Ирак, Бириккен Араб Эмираттары, Кытай жана Катар (бир ирет).