Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Ноябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:00

Байсалов Кемпир-Абад иши боюнча сот "чоң тарбиялык иш болгонун" айтты


Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандар акталгандан кийин. Бишкек. 14-июнь, 2024-жыл.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандар акталгандан кийин. Бишкек. 14-июнь, 2024-жыл.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандардын акталышы боюнча пикирин билдирди. Ал "Азаттыктын" "Эксперттер талдайт" программасында сот чечимин комментарийлей албасын айтып, бирок 14-июнда соттон акталгандардын баары "бийликти алмаштырууну көздөгөнү аныкталганын" баса белгиледи:

"Кыргыз-өзбек чек арасын тактоо боюнча талкуу болуп жатканда активист, саясатчы жана саясатчы сөрөйлөр мамлекет башчыбызды айыптап, саткын, чыккынчы деп айыпташкан. Кемпир-Абад тууралуу кандай гана маалыматтар айтылган жок. Булардын көздөгөнү ызы-чуу менен, этнос аралык араздашуу жана башка жолдор менен бийликти кетирип, басып алуу болчу. Бул - факт. Эгер ошондо биз буларды камап, басып калбаганда, чоң ызы-чуу болмок", - деди Байсалов.

Байсалов ошол эле учурда сот өкүмүн "бийликтин ырайымы" деп кошумчалап, аларды камоо менен "тарбиялоо" аракети болгонун айтты.

14-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков Кемпир-Абад иши боюнча “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен шек саналган 22 саясатчы жана активисттин баарын актады.

Кемпир-Абад иши боюнча башында 27 кишиге айып тагылып кармалган. Алардын ичинен 22 кишиге актоо өкүмү чыкты. Ал эми Орозайым Нарматова менен Талантбек Эшалиевдин иши буга чейин эле өзүнчө өндүрүшкө алынган. Ден соолугуна байланыштуу дарыланып жаткандыктан саясатчылар Кеңешбек Дүйшөбаев менен Бектур Асановдун жана Жогорку Кеңешке шайлоого талапкер болгон Кубанычбек Кадыровдун да иши жакында эле өзүнчө бөлүнгөн.

10-июндагы жараянда прокурорлор соттон айыпталуучулардын ар бирин 20 жылдан абакка кесип, мүлкүн конфискациялоону сураган.

Прокуратура соттун чечимине карата жогорку инстанцияга арызданабы, жокпу азырынча белгисиз.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Кармалгандардын ичинен сегиз киши тергөө абагында калып, калгандары түрдүү жагдайда эркиндикке чыккан.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан.

Шектүүлөр мунун баарын саясий куугунтук катары сыпаттаган. Соттук жараяндар жабык өттү. Өкүм да жабык сотто окулду.(ZKo)

XS
SM
MD
LG