Президент Садыр Жапаров 14-июнда Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченкону дипломаттык миссиясы аяктап жатканына байланыштуу кабыл алды.
Мамлекет башчы Орусия элчисинин миссиясы Кыргызстандагы саясий, экономикалык жана маданий чөйрөдө эки тараптуу мамилелердин өнүгүшү жакшыруу учуруна туш келгенин белгиледи. Кызматташуу соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана аскердик-техникалык тармактарда ийгиликтүү болду.
Өз кезегинде Элчи Николай Удовиченко анын ишин жогору баалаганы үчүн Президент Садыр Жапаровго ыраазычылык билдирди. Ал акыркы жылдары дүйнөдөгү оор геосаясий шарттарга карабастан, эки өлкөнүн стратегиялык кызматташуусу келечекте дагы тереңдей берерине ишенерин айтты.
Президент Садыр Жапаров Николай Удовиченкону Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоого кошкон зор салымы үчүн Ардак грамотасы менен сыйлады.
Мамлекет башчы 14-июнда Өзбекстандын Кыргызстандагы элчиси Хуршид Мирзахидовду да элчилик миссиясы аяктап жатканына байланыштуу кабыл алды.
Садыр Жапаров элчинин дипломат катары кыргыз-өзбек өз ара мамилелерин өнүктүрүүгө кошкон зор салымын белгиледи. Ошондой эле Мирзахидовдун дипломаттык кызматы учурунда кыргыз-өзбек чек арасы такталганын, мамиле стратегиялык өнөктөш деңгээлине чыгып, экономикада биргелешкен долбоорлор ишке ашырылганын жана башка жетишкендиктер болгонун баса белгиледи.
Өзбекстандын элчиси Хуршид Мирзахидов кыргыз тарапка жемиштүү кызматташуу үчүн ыраазычылык билдирип, өлкөнүн өнүгүүсүндө мындан ары да колдоо көрсөтүүгө даяр экенин айтты.
Соңунда эки өлкөнүн ортосундагы достукту жана кызматташтыкты чыңдоого кошкон олуттуу салымы үчүн Өзбекстандын элчиси Хуршид Мирзахидов да президент Садыр Жапаровдун колунан Ардак грамота алды. (ZKo)
Дагы караңыз
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандар акталдыИсхак Масалиев: Бийлик бардык саясий иштерге чекит коюшу керек Самсак Станалиев - көркөм адабияттын көчүн улаган жазуучу Аз камсыз болгон жана жетим балдардын жайкы эс алуусуна бөлүнгөн каражат көбөйтүлдү"Жеңил жаза берди". Таяктан өлгөн Айкыз, 13 жылга соттолгон күйөө