Самсак Станалиев - көркөм адабияттын көчүн улаган жазуучу
- Максат Жангазиев
- Эрлан Жумакадыров
74 жашында акка моюн сунган Эл жазуучусу Самсак Станалиевди акыркы сапарга узатышты. Кара сөз менен ырды, публицистика менен котормочулукту эриш-аркак ала жүргөн көп кырдуу талант, мээнеткеч жазуучу соңку кезде ооруп жүргөн. Станалиевди окурмандар айрыкча тарыхый-биографиялык романдары менен жакшы таанышат. Ал Айтматов, Тыныстанов, Бөкөнбаев баштаган атактуу адамдар тууралуу көркөм чыгармаларды жазган. Калемгердин сөөгү Орок айылындагы көрүстөнгө коюлду.