Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:44

"Жеңил жаза берди". Таяктан өлгөн Айкыз, 13 жылга соттолгон күйөө


"Эки кызы жетим калды". Ур-токмоктон каза тапкан Айкыз
please wait

No media source currently available

0:00 0:05:55 0:00

"Эки кызы жетим калды". Ур-токмоктон каза тапкан Айкыз

23 жашында күйөөсүнүн ур-токмогунан каза тапкан Айкыз Калмурза кызынын иши боюнча Кадамжай райондук сотунун өкүмүнө жакындары нааразы. Райондук сот майдын соңунда маркумдун жолдошун 13 жылга эркинен ажыраткан.

Маркумдун жакындары "Азаттыкка" кайрылып, жаза жеңил болгондуктан, облустук сотко кайрылышарын айтышты. Жыл башында Кадамжай районунун Масалиев айыл аймагында 23 жаштагы биринчи топтогу майыптыгы бар келин көчөдөн кызынын көзүнчө күйөөсүнөн таяк жеп, өзүнө келбей каза тапкан.

Күйөөсүнүн колунан ажал тапкан Айкыздын иши боюнча Кадамжай райондук соту майдын соңунда өкүм чыгарып, маркумдун жолдошун 13 жылга эркинен ажыратты.

Айкыздын бир тууган эжеси Сапаргүл Пиржанова Кадамжай райондук сотунун өкүмүнө нааразы экенине даттанды. Анын айтымында, энеси өлүп, атасы түрмөгө түшкөн эки кызды тайлары багып жатат.

"Өмүр бою жаза бериш керек. Биз ошону талап кылабыз. Бул жерде адам өлүп жатат. Кызынын көзүнчө мыкаачылык менен өлтүрүп жатат. Денесине өтө оор жараат келтирип өлтүргөн. Кыздары ыйлап, куса болууда. Бизден башкаларга да сабак болушу керек. Он үч жылга эле мөөнөт берсе, ал 5-6 жылда эркиндикке чыкса дагы бирөөнүн өмүрүнө зыян келтириши мүмкүн. Кыз-келиндерге зомбулуктун жазасын күчөтүш керек да. Антпесе жазасы жеңил болгону үчун мындай окуялар көп кайталанып кетиши мүмкүн".

Сотто маркумдун артында калган кыздарынын келечегин камсыздоо үчүн 3 млн сом өндүрүү суралган. Бирок чечимде 100 миң сом өндүрүүнү милдеттендирилген.

Баткен облустук сотунун маалымат катчысы Замирбек Ормонов сот чечимине нааразы тараптар болсо 30 күн аралыгында облустук сотко кайрылса болорун айтууда.

"Бул иш боюнча Кадамжай райондук соту 2024-жылдын 22-майындагы өкүмү менен соттолуучу А уулу Ж Кылмыш-жаза кодексинин 136-беренеси, 122-беренесинин 2-бөлүгүнүн 7-пункту менен күнөөлүү деп табылып, ушул эле кодекстин 77-беренесинин экинчи бөлүгү менен белгиленген жазалар бири-бирине жарым-жартылай кошулуу менен 13 жылга эркинен ажыратылып, 30 миң сом айып пул салынган. Соттолуучунун эсебинен жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлүнө 100 миң сом моралдык зыян үчүн өндүрүлгөн. Биринчи инстанциядагы соттун чечими боюнча 30 күн аралыгында прокуратурагабы же соттолуучу же жабырлануучу тарап апелляциялык даттанууга болот".

Ушул жылдын 2-январында Кадамжай районунун Масалиев айыл аймагында биринчи топтогу майыптыгы бар келин күйөөсүнүн ур-токмогунан каза тапкан. Милициянын маалыматында, аны күйөөсү көчөдө муунтуп өлтүргөн.

Ага чейин былтыр жайында маркум Айкыз Калмурза кызы күйөөсүнөн таяк жеп, 10 күн ооруканага түшкөнүн жакындары “Азаттыкка” билдирген. Баткен облустук милициясы былтыркы зомбулук окуясы боюнча арыз Кадамжай райондук милициясында катталып, бирок кылмыш иши козголбогонун ырастаган. Маркумдун артында алты жана үч жаштагы кыздары калган.

Бул сыяктуу үрөй учурган бир нече кылмыш катталды. Өлкө расмийлери зомбулукту алдын алуу үчун чаралар күчөтүлгөнүн айтып келүүдө.

11-июнда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитети "Үй-бүлөлүк, гендердик жана сексуалдык зомбулуктан сактоо тууралуу" мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун карап, 2-окууда жактырды. Мыйзам долбоору парламенттин жалпы отурумунун кароосуна жиберилди.

"Үй-бүлөлүк, гендердик жана сексуалдык зомбулуктан сактоо тууралуу" мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору майдын аягында жалпы отурумдун кароосуна чыгарылып, талаш-тартыш жараткан.

Мурда акыйкатчынын Баткендеги өкүлү, район акими болуп иштеген Хаитали Айкынов үй-бүлө баалуулуктарына бала кезинен тарбиялып өстүрбөсө, сонку учурда коомдо агрессия күчөп, жаза катаалдашканына карабай үрөй учурган кылмыштар кайталанып жатканын белгиледи.

"Бул гумандуу жагы да. Албетте ар бир ата-эне өз баласын жакшы болуусун каалайт. Ошону жашынан, алдын ала алып барсак жакшы болмок. Турмушта жаштар оорчулукту көтөрө албай сынып, ойго келбегендей аракеттерге барып жатпайбы. Ошондой болбошу үчүн алдын алып жаштайынан, үй-бүлөдөн, мектептен, чөйрөсүнөн баары комплекстүү азыркы муунду тарбиялап барышыбыз керек. Азыркы жаш муун бир учурда коомду, пикирлерди, жашоо мүнөзүн өзгөртө турган катмар пайда болот. Ошол катмарды азыртадан тарбиялоо керек".

"Гумандуулук, тарбиялык аракеттер деген менен эң башкысы жаза чаралардын жеңилдиги, келин-кыздарга карата зомбулуктун көп катталышын шарттады", - дейт активист Айгүл Жамалидинова.

Анын пикиринде мындай кылмыштар үчүн жаза чаралардын оор колдонушу, пробация, ырайым колдонбоо гана зомбулук жасоонун алдын алат.

"Жогорку, 15 жылдык же өмүр бою эркинен ажыратылган чечим чыкса деле аларга атайын бир жеңилдиктер каралып, кандайдыр бир чаралар пробация аркылуу жаза мөөнөтүнүн жарымынан кийин же беш-алты жылда бошоп кетип жатат. Таластагыдай окуя кайталанып, жазага тартылган адам кайра чыгып келип үч адамдын өмүрүн алган кылмыш окуялары кайталанып жатат да. Ошондуктан бул жагынан ала турган болсок, менин оюмча жаза чараларын оорлотуп, өмүр бою эркинен ажыратылса деле макулбуз".

Соңку учурда өлкөдө аялдарга жана балдарга жасалган үрөй учурган зомбулук фактылары катталууда. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, беш айда үй-бүлөдөгү зомбулук фактысына байланыштуу 5153 учур катталды. 4400дөн ашуун коргоо ордери берилди. 500дөй киши коомдук жумуштарга тартылып, 350сү камакка алынган. Былтыр бир жылда 13104 зомбулук фактысы катталган. Бул 2022-жылга салыштырмалуу 32,6% көп.

Жарандык активисттер, укук коргоочулар бул кылмышка айыптууларды катуу жазалап, мыйзамдар толук иштеген чаралар көрүлүшүн талап кылууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG