Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 22:58

Аз камсыз болгон жана жетим балдардын жайкы эс алуусуна бөлүнгөн каражат көбөйтүлдү


Чолпон-Ата шаарындагы "Алтын балалык" ден соолукту чыңдоочу-реабилитациялык комплекси. 1-июнь, 2022-жыл.
Чолпон-Ата шаарындагы "Алтын балалык" ден соолукту чыңдоочу-реабилитациялык комплекси. 1-июнь, 2022-жыл.

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарынын, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жана жетим балдардын жайкы эс алуусун уюштурууга бөлүнгөн каражаттын көлөмүн көбөйтүлдү.

Тиешелүү чечимге Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады.

Ага караганда, балдардын жайкы эс алуусун уюштурууга 15 миллион сом бөлүнөт. Буга чейин бул максаттарга жыл сайын 5 миллион сом бөлүнүп келген.

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарын, майыптыгы бар балдардын, камкорчулукка жана көзөмөлгө алынган балдардын, багып алуучу үй-бүлөлөрдөгү балдардын, ата-энеси жок балдардын жана тарбиянын өзгөчө шарттарына муктаж оорулуу балдардын,турмуштук оор кырдаалга туш болгон балдардын жай мезгилинде эс алуусу боюнча иштерди уюштуруу тапшырылды.

Балдар президенттик администрацияга караштуу "Алтын-Балалык" реабилитациялык борборуна жөнөтүлөт.

Чолпон-Атадагы "Алтын балалык" борбору 2022-жылы 1-июнда ачылган. Ал жерде аллергология, онкология, пульмонология, акушердик гинекология, балдар хирургиясы, функционалдык диагностика жана неврология бөлүмдөрү бар. Комплекс бир мезгилде 400 баланы энеси менен кабыл алууга ылайыкташкан. Мекемеде медициналык илим изилдөө бөлүмү да иш алып барат.

“Алтын балалыкты” мурдагы президент Аскар Акаевдин жубайы Майрам Акаева түзгөн “Мээрим” кайрымдуулук фонду 2000-жылы кура баштаган. 2005-жылы бийлик алмашып, Акаевдер өлкөдөн чыгып кеткен. Ошондон бери борбордун курулушу аяктабай турган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG