Рублди солкулдаткан АКШ санкциясы, кыргыз банктарындагы чектөөлөр

АКШнын, Орусиянын, Кыргызстандын, Өзбекстандын, Казакстандын, Тажикстандын жана Түркмөнстандын акчалары.

Орусиянын финансы институттары АКШнын санкциясына кабылган жагдайдан улам, Кыргызстандагы кээ бир банктар 13-июнда орусиялык банктарга жана финансы институттарга айрым убактылуу чектөөлөр киргизилгенин жарыялашты.

Мындан улам Орусиядан Кыргызстанга же Кыргызстандан Орусияга акча которуулар үзгүлтүккө учурап жатат. Адистер бул жагдай тез эле калыбына келет деп эсептешет.

Дагы караңыз Кыргызстанда айрым банктар Орусиядан акча которуу системасын чектешүүдө

Орусияда эмгектенип жүргөн кыргыз мигранттарынын бири Мурат Медеров (аты-жөнү өзгөртүлдү) 14-июнда айтканына караганда, эки күндөн бери банктардагы акча которуулар жеткиликсиз болуп, ыңгайсыздык жаралган:

“Система такыр эле иштебей жатат. Эч ким билбейт. Которуу жеткиликсиз деп чыгууда, азыркы убакта котороюн десем, болбой жатат. Бардыгы эле ошондой, Кыргызстандагы М-Банк барбы, башкасы барбы, бардыгында эле которуу жеткиликсиз. Мурда которуп жүргөн адаттагы эле которуубуз болбой жатат. Курсту дагы түшүрүп койду го, кечээ бир эле сааттын ичинде 60 тыйынга түшүп калды го. Которо албай жатабыз, күтүп туралы, жакшы болуп кетеби деген эле ой”.

12-июнда АКШнын Каржы министрлиги Орусиянын бир катар финансы институттарына санкция салганын жарыялаган. Алардын катарында Москва биржасы, Орусиянын Улуттук клиринг борбору жана Улуттук эсептешүү депозитарийи "кара тизмеге" кирген. Булар менен кызматташкан чет элдик банктар да санкцияга кабылары эскертилген.

Мындан улам рублдин курсунда олку-солкулук болуп, ал башка валюталарга карата кескин төмөндөп, валюта базарында кыска убакытка кымгуут жагдай түзүлдү.

Маселен, 12-июнда Орусиянын бир нече банкы доллар баасын жогорулаткан. Борбордук банк аныктаган расмий курс 1 долларга 89 рубль болсо, ал эми акча алмаштыруучуларда 200 рублга чыккан.

Кыргызстанда 13-июнда Улуттук банк 1 рублди 97 тыйын деп баалады. Ал эми акча алмаштыруучу жайларда 1 рублди 50-80 тыйынга сатып алып, 98 тыйындан сатып жатты.

Мындан улам Кыргызстандагы айрым банктар 13-июнда Орусиялык банк жана финансы институттары менен акча которуу системасына чектөө киргизилгенин жарыялашты. Кээ бирлери "Золотая корона», Astrasend, "Юнистрим", "РИА" жана Western Union акча которуу системалары убактылуу иштебей турганын маалымдашты.

Бул жагдайга байланыштуу Кыргызстандын Улуттук банкы 13-июнда атайын билдирүү жасады. Анда учурда ички валюта рыногунда абал салыштырмалуу туруктуу экени, Улуттук банк валюта саясатын жүргүзүүдө суроо-талаптын жана сунуштун негизинде алмашуу курсунун өзгөрүлмөлүү режими сактала турганы белгиленген.

Маалыматка ылайык, Улуттук банктын жетекчилиги 13-июнда өлкөдөгү коммерциялык банктардын жетекчилери менен жолугушуп, валюта базарындагы кырдаалды талкуулады. Банкирлер Кыргызстандын негизги соода өнөктөш өлкөлөрүнүн финансы рынокторундагы өзгөрүүлөр ички валюта рыногуна таасир тийгизет деген тынчсыздануусун билдиришкен.

Улуттук банк зарыл болгон учурда валюта рыногунда туруктуулукту сактоо үчүн тиешелүү чараларды көрөрү кабарланды.

14-июнга карата Кыргызстанда валюта рыногунда кырдаал турукташып, 1 рублди мурдагыдай эле 93-94 тыйынга сатып алып, 98-99 тыйындан сатып жатышат.

Улуттук банктын соңку беш жылдагы маалыматын карасак, кыргыз банктарындагы төлөм системалары аркылуу жыл сайын 220 млрд сомдон 360 млрд сомго чейинки көлөмдөгү каражат өлкө ичине жана сыртына которулуп турат.

Төлөм системаларынын арасынан көп колдонулганы “Золотая Корона” жана “Юнистрим” системалары болуп эсептелет.

Улуттук банктын төрагасынын мурдагы орун басары, акча которуу системалары боюнча адис Сүйөркул Абдыбалы тегин кыргызстандык банктар киргизген чектөөлөрдү алардын сактыгы менен түшүндүрдү:

"Кооптонуу бар. Анын үстүнө биздин банктар АКШдан тиешелүү эскертүүлөрдү алган учурлары болгон. Ошого окшогон нерселер болгондон кийин, албетте, биздин банктар этият мамиле кылышы керек. Этият мамиле кылбаса, бул жакта дагы эки компания санкцияга кирип калыптыр, банктар да кирип калышы мүмкүн. Бул жагынан эч ким кепилдик бере албайт. Бул өтө олуттуу, чоң маселелерден. Бул саясатка байланышкан техникалык маселелерден”.

Анткен менен Кыргызстандын банктары акча которуудагы чектөөлөрдү ар башка себептер менен түшүндүрүп жатышат. Арасында техникалык мүчүлүштүккө байланыштыргандары да бар. Дагы бир катар коммерциялык банктардын адистери жаралган кырдаалды Орусиядагы банктарга салынган санкцияларга байланыштырууда. Чалууларды кабыл алуу борборлоруна байланышканыбызда, кызматкерлер жагдайды мындайча түшүндүрүп беришти:

“Ооба, которулбай жатат азырынча. Бул жактан деле ошондой. Анткени Орусиядагы көпчүлүк банктар санкцияда турат да. Банк корреспонденти которууну өткөрбөйт. Качанга чейин созуларын азыр, тилекке каршы, айта албайбыз. Силер атын айтсаңар, биз карап, кайсы банктан которсо болорун айтып беребиз. Санкцияда болбосо, которсо болот. Азыр “Золотая Корона” менен которуп атышат”.

“Азыр Орусияга которууну SWIFT менен эле кылса болот. Банктык эсебинен банктык эсебине эле кетет. Рубль менен, буга чейин телефон номуру, карта номуру аркылуу которчубуз. Алар эми иштебейт. Чектөөлөр жок болчу, бирок азыркы учурда чектөөлөр киргизилген. Киргизилгенине көп болгон жок. Санкцияларга байланыштуу болду”.

Сүйөркул Абдыбалы тегин банк системасындагы чектөөлөр тез эле өз жолуна келет деп эсептейт:

"Кыска убакыттын ичинде, банктар ошонун жолун тапканга чейин кандайдыр бир олку-солкулуктар пайда болот. Бир аз убакыттан кийин банктар мунун чечүү жолун табат го деп ойлойм. Төлөө системалары кайра калыбына келет. Себеби кыргыз экономикасы, биз каалайбызбы-каалабайбызбы, Орусиядан алынып жаткан мунай өндүрүмдөрү боюнча, жыгач алып келүү, темир жагынан өтө чоң көз карандылыктабыз."

Орусиянын аймагында Кыргызстандын миллиондон ашуун жараны эмгектенип жүрөт. Алар жыл сайын мекенине 2,5-3 млрд доллар акча которуп турат. Мигранттардын которгон каражаты калктын акчалай кирешесинин олуттуу бөлүгүн түзөт жана өлкөдөгү жакырчылыктын деңгээлин 10-15%га чейин төмөн кармоого түрткү берет.

Акча-насыя маселелери боюнча эксперт Бактыбек Шамкеев да Орусияга салынган санкциялар кыргыз банктарынын ишмердигине да бир кыйла таасир этерин айтууда:

“Санкция аркылуу биздин банктардын операциялары аябай көзөмөлгө алынып жатат. Санкциялар Орусияга тиешелүү. Бирок биз аркылуу бир топ транзакциялар өтүп жатпайбы, ошон үчүн азыр бул маселе аябай катуу көзөмөлгө алынды. Кыргызстандыктар үчүн бир топ эле тоскоолдуктар болот. Негизи, корреспонденттик банктар Германия менен Америкада жайгашкан. Германиядагы корреспонденттик банк болгондон кийин, алар сөзсүз текшерет, сөзсүз өзүнүн көзөмөл аракеттерин жасайт”.

Азыркы учурга карай Орусиянын 40тан ашуун коммерциялык банктары санкциялык тизмеге киргизилген. АКШ менен Европа өлкөлөрүнүн санкцияларына кабылган орусиялык банктар менен төлөм системалары буга чейин да кыргыз банктарына түйшүк жаратып келген.

2024-жылы февраль айында Кыргызстандын “Банктар аралык процессинг борбору” Орусиянын “Мир” төлөм системасын тейлөөнү токтотконун жарыялаган. Улам өсүп бараткан санкциялык тобокелдиктерден улам айрым кыргыз банктары коомчулукка кайрылып, баскынчылыкка каршы санкциялык чаралар менен Орусияга тыгыз байланышкан экономикалык алакалардын ортосунда калганын билдиришкен.

Дагы караңыз Москва биржасында жаңы санкциядан улам доллар жана евро соодасы токтоду