Орусиянын президенти Владимир Путин бешинчи президенттик мөөнөткө киришкенден кийинки чет өлкөгө алгачкы сапарга - Кытайга барды. Байкоочулар белгилегендей, жакында эле өкмөтүн жаңылаган Путин аскердик экономикага басып жасап, Кытай лидери Си Цзиньпинден жардам сурайт. Буга чейин деле санкцияларды айланып өтүүгө жардам берип, Москвага кош багыттагы товарларды жеткирип жүргөнү кабарланып келет. Кытай менен Орусиянын соңку бир жылдагы соода алакасынын көлөмү кандай? Бээжин дагы кандай жардам бериши мүмкүн?
Орусия Украинага кеңири масштабдуу согуш ачкан эки жыл ичинде Бээжин Москванын өтө маанилүү өнөктөшүнө айланды. Кытай согушту айыптоодон баш тартып, АКШ менен Евробиримдиктин эскертүүлөрүнө жана нааразычылыгына карабай Орусия менен соода алакасын тереңдетип келет.
Ошол эле маалда расмий Бээжин Украинанын аннексияланган Крым жарым аралын жана башка бөлүктөрүн да Орусияга караштуу деп эч качан тааныган эмес.
Владимир Путин Бээжинге жаңы дайындалган өкмөтүнүн дээрлик бардык мүчөлөрү менен барды. Эки державанын лидерлеринин алгачкы сүйлөшүүсү эки жарым саатка созулду.
“Азыркы кытай-орус алакалары чоң эмгектин үзүрү жана эки тарап тең аларды коргоп, кам көрүүгө татыктуу. Кытай-орус мамилелери эки өлкөнүн гана фундаменталдуу кызыкчылыктарына эмес, аймактагы жана глобалдык дүйнөдөгү туруктуулукка, өсүп-өнүгүүсүнө багытталган”,-деди Кытайдын лидери Си Цзинпин.
Жыйындын соңунда тараптар Стратегиялык кызматташуу жана көп тармактарды камтыган өнөктөштүктү тереңдетүү боюнча биргелешкен билдирүүгө кол коюшту. Андан соң эки лидер Кытай менен Советтер Союзунун ортосундагы дипломатиялык алакалардын түзүлүшүнө арналган маданий иш-чарага катышты. Путин Кытай өкмөтүнүн башчысы Ли Цян менен да жолукту. Эки күндүк сапардын алкагында орус лидери Харбин шаарына эки кытай-орус соода ишканасынын ачылышына барарын Кремл билдирди. Андан тышкары Путин менен Си көзмө-көз сүйлөшөрү күтүлүп жатат.
Кытай менен Орусиянын соода алакасы
Талдоочулар белгилегендей, эки күндүк сапар маалында Путин Сиден аскердик экономиканы жүргүзүүгө көмөктөшүүнү суранат. Буга чейин Бээжин Москвага санкцияларды айланып өтүүгө жардамдашып жатканы көп айтылып, Батыш мамлекеттеринин нааразылыгын жараткан.
Мындан улам, буга чейин АКШнын бир нече жогорку даражалуу расмий өкүлдөрү Бээжинге барганда, Москвага аскер өндүрүшүнө багытталган товарларды жеткирген кытайлык компаниялар жана каржы институттары санкцияларга кабылышы мүмкүн экенин эскерткен.
"Мен Кытай компанияларына Орусиянын Украинага каршы согушун колдоо үчүн кандайдыр бир колдоо көрсөтүшү кабыл алынгыс экенин баса белгиледим. Анткени алар буга кулак салбаса кесепети оор болот",-деген АКШнын каржы министри Жаннет Йеллен 8-апрелде.
Владимир Путин Си менен жолугуп жатып эки тараптын соода алакалары эч кандай чектөөлөргө карабай өнүгүп жатканын белгиледи:
"Биздин алакалардын өнүгүшүнө тоскоолдук жаратууга багытталган үчүнчү мамлекеттердин кандайдыр бир аракеттерине карабай, соода алмашуу жакшы ыргакта өсүүдө".
Чындыгында эле ошондой. Кытайдын Бажы статистикасынын маалыматына ылайык, Орусия Украинага согуш ачкан эки жыл ичинде Москва менен Бээжиндин ортосундагы соода-сатыктын көлөмү буга чейин болуп көрбөгөндөй 240 миллиард долларга жеткен. Былтыр Кытай экспортунун көлөмү 111 миллиард долларга чамалаган. Бул согушка чейинки 2021-жылга салыштырмалууу 67% көп дегенди билдирет.
Кытай Орусияга автоунаадан баштап, смартфондорго чейин жеткирип жатат. Байкоочулардын эсебинде, андан тышкары кош багытта колдонулчу буюм-тайымдар да абдан көп экспорттолууда.
«Ай сайын Кытай Орусияга 300 миллион долларга кош багыттагы продукция экспорттойт жана аны жашырбайт», -дейт Эл аралык тынчтык үчүн Карнеги фондунун Кытай бөлүмүнүн улук аналитиги Натаниэль Шер "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун кабарчысы Рейд Стендишке курган маегинде.
Анткен менен былтыр жыл соңунда АКШ президенти Жо Байден кол койгон токтомго ылайык, Орусиянын коргонуу өндүрүшү менен кызматташкан чет элдик банктагы экинчи айлампадагы санкция киргизүүгө уруксат берилет. Тактап айтканда, Американын Каржы министрлиги аларды долларга негизделген дүйнөлүк каржы системасынан чыгара алат. Мындан улам 2024-жылдын башында бир нече Кытайдын банктары орус кардалары менен кызматташууну токтотуп же жайлатып койгон.
Путин Кытайдан дагы эмнени каалайт?
Владимир Путин бул жолку сапары маалында Кытай менен Орусия банк институттарынын ортосундагы байланыштарды бекемдөөнү улантышарын баса белгиледи. Ал эми орусиялык эксперттердин айтымында, Кытайда орусиялык ири банктардын бөлүмдөрү ачылмайын маселе чечилбейт.
Ал эми Эл аралык тынчтык үчүн Карнеги фондунун жетекчиси Александр Габуевдин пикиринде, күн тартибинде ачык айтылбаган, бирок Орусия үчүн маанилүү делген маселелер турат:
"Тактай кетсек, орус бийлигинин аскердик машинесин алдыга жылдыра турган кош багыттагы буюм-тайымдар жана башка маанилүү тетиктерди алуу, юань менен төлөм жүргүзүү, санкцияларды айланып өтүү жолдору жана АКШнын кытай банк системасына басым жасоо боюнча жакында эле кабыл алган чаралары",- деген Габуев ошондой эле бир катар ишкерлер да өз бизнесин Кытай тарапка буруп жатканын The New York Times басылмасына жазды.
Ал белгилегендей, өткөн айда байлыгы $23,7 млрд долларды түзгөн ишкер Владимир Потанин жез-никел империясы Кытайга багыт алганын билдирген.
Ал эми кытай таануучу, Германиядагы Лейпциг университетинин окутуучусу Алексей Чигадаев белгилегендей, Москва дагы натыйжалуураак соода-экономикалык катнашты көздөйт.
"Кремль "бизге карызга эч нерсе кереги жок. Биз муну-тигини сатууга даярбыз, болгону туруктуу экономикалык ишмердүүлүктүн жүрүшүн каалайбыз" дегендей. Экинчиден, бул Кытайга орус газы менен мунайдын экспортун көбөйтүү. Үчүнчүдөн. Бул Орусияга салынган Кытай инвестициясын көбөйтүү», - деди ал "Свобода" радиосуна курган маегинде.
Ал эми Кытай Москвадан эмнени каалайт?
Эксперттер белгилегендей, Кытай Орусиядан сезимтал аскердик технологияны жана албетте, газ менен мунайды арзан баада алууну улантууну көздөйт.
"Суу алдында жүрүүчү кемелер, "жер-аба" классындагы ракеталар жана башка тетиктер менен бөлүшүүгө, муну менен Кытайдын Батыш менен тереңдеп бараткан конфронтациясына туруштук берүү боюнча Бээжиндин жөндөмдүүлүгүн көбөйтүүгө даяр",-деп тактады Габуев.
Ал эми Чигадаевдин пикиринде, Кытай мунун баарын Батыштын санкцияларына кабылбагыдай кылып ишке ашыргысы келет. Башка талдоочулардын айтымында, Бээжин бул үчүн жашыруун жолдорду же мурдагыдай эле Борбор Азия мамлекеттерин транзит катары колдонушу мүмкүн.
Кытай автоунаалары соңку жылдары Орусияга буга чейин болуп көрбөгөндөй санда экспорттолуп жатканын "Азаттык"буга чейин да жазган.
Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына карасак, 2023-жылдын жети айында Кыргызстан жеңил унаа экспортун негизинен Орусия менен Казакстанга жасаган. 2022-жылдын январ-июль айларына караганда, көрсөткүчтөр Орусияга 11 эсе, Казакстанга 37 эсе өскөн.