Украина Орусиянын чабуулдары уланганын билдирди

Иллюстрациялык сүрөт.

Украинада 14-июнга караган түнү жана эртең менен да дээрлик бардык аймактарда абадан сокку урулары тууралуу эскертүү берилип жатты. Сумы облусунун аскердик администрациясы Орусиянын FPV-дрону жай тургундар бараткан автобуска тийип, кеминде үч аял жараат алды.

Жалпысынан өткөн түнү Орусия Украинанын аймагына 14 ракета учурганы, абадан коргонуу системасы алардын жарымын жана 17 дрондун баарын атып түшүрүүгө үлгүрүшкөнүн өлкөнүн Куралдуу күчтөрүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Ту-95 МС стратегиялык авиация учактарынан Х-101/Х-555 ракеталарынан 10у, «Искандер-М» баллистикалык ракеталарынан үчөө, Х-47М2 «Кинжал» ракеталарынан бирөө жана «Shahed-131/136» дрондорунан 17си учурулганы маалымдалды.

Киев облусунда Орусиянын соккусунан өнөр жай ишканаларынын биринде тутанган өрттү өчүрүү аракети үч күндөн бери уланып жатканын өзгөчө кырдаалдар мекемеси кабарлады.

Украинага 2022-жылы февралда кол салып, толук масштабдуу согуш ачкан Орусия «атайын аскердик операцияны» ишке ашырып жатканын айтып келет.

Алгачкы бир жылда Украина Батыштагы союздаштарынын жардамы менен орус аскерлеринин чабуулдарына каршы туруп, айрым тарттырып жиберген аймактарын кайтарып алууга жетишкен. Бирок былтыртан бери фронтто абал кыйла өзгөргөн, украин бийлиги Батыш убада кылган жардам убагында берилбей, аскерлеринен да, жерлеринен да айрылып жатканын билдирген. Жардам соңку айларда гана кайрадан бериле баштады. (RK)

Дагы караңыз

Судья Кемпир-Абад иши боюнча өкүм чыгаруу үчүн кеңешүү бөлмөсүнө кеттиКемпир-Абад иши: "Сот адилет чечим чыгарды. Эч ким ырайым сураган жок"Кемпир-Абад иши: Акталгандар кимдер?Газа: Байден ХАМАСты тынчтык сүйлөшүүлөрүндөгү негизги тоскоолдук деп атады