Кемпир-Абад иши боюнча башта 27 кишиге айып тагылып кармалган. Алардын ичинен 22 кишиге актоо өкүмү чыкты.
Алар: Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров, Жеңиш Молдокматов, Айданбек Акматов, Марат Баязов, Айбек Бузурманкулов, Илгиз Шаменов, Тимур Махмудов, Рита Карасартова, Клара Сооронкулова, Али Шабдан, Эрлан Бекчоро уулу, Асия Сасыкбаева, Гүлнара Журабаева, Перизат Суранова, Улукбек Маматаев, Таалай Мадеминов, Чыңгыз Капаров, Нурлан Асанбеков, Атай Бейшенбек, Акыл Айтбаев жана Мамбетжунус Абылов.
Учурда саламаттыгына жана башка себептерден улам Кеңешбек Дүйшөбаевдин, Бектур Асановдун, Кубанычбек Кадыровдун, Талантбек Эшалиевдин жана Орозайым Нарматованын иши өзүнчө бөлүнгөн.
Кемпир-Абад ишине байланыштуу айып тагылгандар кимдер?
Азимбек Бекназаров (тергөө абагынан чыкты)
Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты, мурдагы баш прокурор, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, саясатчы Азимбек Бекназаров Кемпир-Абад ишине байланыштуу 2022-жылы 23-октябрда камакка алынган адамдардын арасында болгон. 68 жаштагы Бекназаров учурдагы бийликтин дарегине кескин сын айтып, Кемпир-Абад боюнча чечимдерди айыптап келет.
Ошондон бери абакта жана кыйноого кабылганын, саламаттыгы начарлаганын айтып, социалдык тармактар аркылуу бир канча жолу кайрылуу жолдогон.
Саясатчы жазында орозо маалында президент Садыр Жапаровго кайрылып, камактагыларды үй камагына чыгарып, сотту ачык өткөрүүнү суранган.
“Бири-бирибизди кечирип, Кемпир-Абад маселесин саясатка айландыра бербей, тарыхка калтыралы. Эгерде сиз Аллахтан кечирим сурабай бизди “соттотуп тынам” деген кара ниеттериңиз болсо, анда ыйык Орозо айында сизден төмөнкүлөрдү суранам. Жок дегенде ыйык Орозо айында камакта отурган 10 “кемпир-абадчыга” ырайым кылып, үй камагына чыгарыңыз. Экинчиси - бизди Кудай алдында, эл алдында Конституция менен мыйзамдарды буздуртпай, ачык сот өткөрүп “адал” соттоңуз”, - деп жазган Бекназаров.
Садыр Жапаров “Кабар” улуттук агенттигине курган маектеринин биринде Бекназаровдун кайрылуусуна жооп берип, ишке сот чекит коёрун билдирген.
“Кечиришели, ит жыгылыш бололу деген кайрылууларды мен да окудум. Бирок анын тагдырын мен чечпейм. Сот менен прокурор чечет. Бекназаровду түрмөгө мен колунан жетелеп барып салган жокмун да. Аңыраңдап-шаңыраңдаган бойдон өзү кирип кетти. Өзү эле эмес, канчалаган жаштарды кошо сүйрөп кирди. Алардын убалына калды. Келип аткан Кемпир-Абадды "кетип атат" деп сакалдуу башы менен жалпы элди адаштырганга аракет кылды”, - деген Жапаров.
Бекназаров 2019-2022-жылдары Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси болуп турган. Ал кызматтан алынган себебин Кумтөр кенине байланыштуу курган маегинде бийликтин аракетин сындаганы менен байланыштырган.
Президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта "мындай чечим Бекназаровдун алдыга коюлган тышкы саясий милдеттерди, анын ичинен Кыргызстан менен Малайзиянын ортосундагы саясий диалогду бекемдөөнү аткара албагандыгына байланыштуу кабыл алынды" деп жазылган.
Равшан Жээнбеков (тергөө абагынан чыкты)
Өзгөн районунда 2022-жылы 15-октябрда Кемпир-Абад маселесине байланыштуу элдик курултай өтүп, суу сактагычтын жери өзбек тарапка өтүп кетиши ыктымал деген кооптонуу айтылган. Көп өтпөй, 21-22-октябрда Өзгөндө жөө жүрүш болгон. Ошого эле удаа ага катышкан саясатчылар жана активисттер Бишкекте да чогулуп, "Кемпир-Абадды коргоо комитети" түзүлгөнүн жарыялаган. Бир күндөн кийин бул комитетке киргендер камоо башталган жана алардын арасында 54 жаштагы Равшан Жээнбеков дагы болгон.
Жээнбеков 2010-2015-жылдары Жогорку Кеңеште депутат болуп, андан кийин оппозицияда жүргөн. Ал 2019-жылдын августундагы “Кой-Таш окуясына” байланыштуу айып тагылып, ошол эле жылдын аягында камалган.
Саясатчы 2020-жылкы парламенттик шайлоодо абакта жатып Социал-демократтар партиясынын атынан шайлоого катышат. Шайлоодон кийинки тополоңдордун шары менен абактан чыгып, башка саясатчылар кайра камалганда ал үй камагында калат. Октябрь окуяларынан кийин ал кезексиз президенттик шайлоого катышкан.
2021-жылы апрелде анын бир тууганы, Бишкек шаардык сотунун мурдагы судьясы Мира Жээнбековага “мыйзамсыз баюу” беренеси менен иш козголгон жана саясатчы өзү УКМКга сурак берип чыккан. Экс-депутат карындашына айып тагылуусун өзүнүн “Next TV” каналында чыккан материалдарга байланыштуу кысым катары баалаган. Жээнбеков ошол жылы августта “үй камактын шартын бузду” деп айыпталып, кайра камакка алынат. Көп өтпөй, ноябрда шайлоодо бир мандаттуу округдан ат салышканы менен сот абактан чыгарган эмес. Декабрда гана жаңыдан күчүнө кирген Жазык-процессуалдык кодексине ылайык камактан бошогон.
Былтыр май айында саясатчынын жубайы Салкынай Алимбаева “Коррупция” беренеси менен шек саналып, камакка алынган. Алимбаева үч айдай абакта жаткандан кийин саламаттыгынан улам үй камагына чыгарылган.
Быйыл март айында УКМК Талас облусундагы Киров суу сактагычынын жээгиндеги жалпы аянты 4 гектар "Эдельвейс-Тур" эс алуу зонасы мамлекетке ыктыярдуу түрдө кайтарылганын кабарлаган. Атайын кызматтын маалыматында жеңил конструкциядагы административдик имараттары бар жер тилкесинин баасы 16 млн 871 миң сом.
УКМК бул жерди Жээнбеков Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондун жетектеп турганда "аффилирленген жактарга мыйзамсыз берилгени аныкталган”, - деп билдирген.
Учурда Жээнбековго карата Кой-Таш окуясына байланыштуу дагы иш козгологон, сот процесси Бишкектин Биринчи май райондук сотунда өтүп жатат.
Айданбек Акматов (тергөө абагынан чыкты)
Кемпир-Абад ишине байланыштуу 2022-жылы 23-октябрда камалган жоон топ адамдын арасында журналист, аналитик Айданбек Акматов дагы болгон.
Ал өзүнө тагылган "калайман башаламандык уюштурууга даярдык көргөн” деген айыпты четке каккан жана кылмыш ишин саясий куугунтук катары баалаган.
"Биз 22-октябрда бир эле максат менен – Кемпир-Абад суу сактагычынын берилип кетишин токтотуп калуу аракети боюнча чогулганбыз. Бийликти басып алуу, башаламандык уюштуруу тууралуу сөз болгон эмес. Кемпир-Абадды алып калуу жолдорун гана талкуулап, “Кемпир-Абадды коргоо комитети” түзүлгөн. Андан тышкары парламентке таасир этүү үчүн депутаттар менен иштеп, ал суу сактагыч канчалык маанилүү экенин жеткирүү боюнча сунуш айтылган. Кээ бирөөлөр “Жогорку Кеңештин алдында митинг өткөрөлү”, - деди. Ал талкуу учурунда эле болгон сөз. Мен ал жыйынга журналист, активист катары катышкам”, - деген Акматов.
Акматов ошол кездери социалдык тармактарда айрым саясий-экономикалык темаларды, окуяларды, кырдаалды, чек ара маселелерин талдап, бийлик башчыларына өз сунушун байма-бай берип жаткан. Ал бир канча жолу парламенттик шайлоого катышкан жана талапкер болууга аракет кылган.
Журналисттик ишмердигинде анын Өзбекстандын Сох анклавына байланыштуу эки өлкөнүн бийликтеринин 2001-жылы түзгөн жашыруун келишиминин коомчулукка "Азаттыктын" обосунан биринчилерден болуп айтып чыкканын өзгөчө белгилөөгө болот.
Баткен, Лейлек райондорун, Сүлүктү шаарын анклавга айланта турган протоколдун чоо-жайын Акматов “Азаттык” аркылуу биринчи жарыялап, кийин дагы бул темага темага байма-бай кайрылып турган. Документ коомчулукта нааразылык жаратканынан улам кыргыз өкмөтү аны чакыртып алып, протоколду жокко чыгарууга аргасыз болгон.
57 жаштагы Айданбек Акматов Кадамжай районундагы Чаувай айылында төрөлгөн. 1999-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетин аяктаган. Студент кезинде “Кыргыз Руху” гезитине кабарчы болуп ишке кирген.
1998-жылдан тарта “Азаттык” радиосу менен кызматташа баштаган. 2010-жылдан кийин “Азаттык” радиосунда редактор, 2017-жылга чейин журналист болуп иштеген. Aналитикалык макалаларды жазып, “Апта” берүүсүн даярдап турган.
Клара Сооронкулова (үй камагында)
Коомчулуктын калың катмарына Клара Сооронкулова 2010-жылдан соң ошол маалдагы Конституциялык палатанын судьясы кезинде таанылган. Анда биометрикалык каттоого ачык каршы чыккан.
Соттор кеңеши Сооронкулованы "жарандардан биометрикалык маалымат алуу мыйзамсыз" деген пикири үчүн парламенттин сунушу менен мөөнөтүнөн мурда кызматтан алган. Ошол маалда аны колдогон акциялар дагы өткөн.
Сооронкулова ошондон бери саясатка аралаша баштаган. Ал 2015-жылдагы парламенттик шайлоого "Ата Мекен" партиясынын тизмеси менен катышып, сот реформасы, системасы жана укуктук маселелер тууралуу пикирин байма-бай билдирип турган.
Сооронкулова 2019-жылы жазында Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов түзөн "Улуттар биримдиги" партиясынын аткаруу комитетинин катчысы болуп шайланган. Мурдагы судья анда аталган партия шайлоолорду утурлай жаңы күчтөрдү топтоого киришкенин билдирген.
Ал 2019-жылы 7-8-август күндөрү Кой-Таш айылында болгон окуяны иликтеген мамлекеттик комиссиянын курамында болгон. Бирок корутундусуна келгенде иликтөө толук жүрбөй калганын айтып, каршы чыккан.
Сооронкулова мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясына жооптуу укук коргоо органдарынын жетекчилеринин жоопкерчилигин кароону сунуш кылганын, бирок комиссиянын башка мүчөлөрү колдобой койгонун билдирген.
Сооронкулова 2020-жылдагы парламенттик шайлоого "Реформа" партиясы менен барган жана бул партия жетиштүү добуш топтой алган эмес.
Октябрь окуяларынан кийин бийлик алмашкандан кийинки президенттик шайлоого аттанган. Үгүт маалында дебаттарда ошол кездеги талапкер Садыр Жапаровдун айрым аракеттерин сындап, анын сотто шашылыш акталганын жана башка жагдайларына токтолгон.
Сооронкулова 2021-жылы жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна өзу негиздеген “Реформа” партиясы, парламенттик шайлоого “Ата Мекендин” тизмеси менен катышкан, эки партия тең уткан эмес.
Ал Октябрь окуяларына байланыштуу дагы сурак бергени белгилүү. “Кемпир-Абад ишине” байланыштуу кармалгандан кийин саламаттыгы начарлап, ооруканага да жатып дарыланган. Сооронкулова 2023-жылы апрелде үй камагына чыккан.
Сооронкулова “Кемпир-Абадды коргоо комитетинин” мүчөлөрүнүн Бишкектеги Casa Italia кафесиндеги чогулганы тууралуу буларды айткан:
“Момундай коомдук жайда, кафенин ичинде кайсы келесоо төңкөрүш жасоону сүйлөшмөк эле? Баары ушул жерден башталган, ошон үчүн ушул жерге байланып калдык окшойт. Жума сайын эле ушул жерден жолугуп калабыз. Биз кылмыштуу аракет үчүн абакта отурган жокпуз, биз идея үчүн отурдук. Негизги мүдөө – мамлекеттин көз карандысыздыгы, суверенитети жана аймактык бүтүндүгү. Биз мына ушул идея менен чыктык да. Кемпир-Абад деген бул бир гана кейс, жалпысынан биз улуу идея үчүн күрөш жүргүздүк”, - деген Сооронкулова.
Ал бул ишке байланыштуу бийликти акыйкат сот өткөрүүгө чакырып келет. Буга чейин айрым сот отурумдарда мыйзам сакталбай жатканын айтып келген.
Рита Карасартова (үй камагында)
Коомдук анализ институтунун жетекчиси Рита Карасартова жарандык активдүүлүккө, саясатка билим берүү тармагынан келген жана убагында жогорку окуу жайдын окутуучусу болгон.
Ал көп жылдардан бери сот, адам укуктары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тууралуу кемчиликтерди ачык айткан активист катары таанылган.
2017-жылдагы президенттин шайлоого талапкер болгон, бирок Борбордук шайлоого комиссиясы ал чогулткан кол тамгалардын бир бөлүгү деп жараксыз деп табылганына байланыштуу анын талапкерлигин каттоодон баш тарткан.
Карасартова 2020-жылдагы парламенттик шайлоого "Реформа" партиясынын тизмеси менен барган.
Amnesty International эл аралык уюмунун активисттери жана тарапкерлери глобалдык “Каттар марафону” (Write for Rights) өнөктүгүнүн алкагында Карасартовага тагылган айыпты алып салууну талап кылган дээрлик жарым миллион кол тамга чогулткан. Уюм тараткан маалыматта активистке тагылган
“бийликти күч менен басып алууга аракет кылган” деген айып ойлоп табылганы жазылган.
“Ританы колдоо үчүн чогулган кол тамгалардын саны – бул Ританы жана Кыргызстанда саясий куугунтуктан жапа чегип жаткан башка активисттерди, журналисттерди жана укук коргоочуларды дүйнөлүк коомчулук колдоп жатканын жана тилектеш экенин айгинелейт. Биздин жүз миңдеген кол тамгаларды жана каттарды камтыган масштабдуу колдообуз Кыргызстандын өкмөтүнө бийликти сындагандарды куугунтукка алуу байкалбай калбай турганын көрсөтөт деп ишенебиз. Өлкө бийликтери өзүнүн репрессиялык саясатын өзгөртөт деп күтөбүз. Кыргыз бийлиги эл аралык коомчулук Кемпир-Абад ишине жана Кыргызстандагы саясий өңүттөгү бардык иштерге тыкыр көз салып турганын эске алышы кажет”, – деген умюдун Борбор Азия боюнча изилдөөчүсү Мейзи Вайхердинг.
Kloop басылмасына берген интервьюсунда Карасартова дүйнөнүн булуң-бурчунан каттарды алып жатканын, аларды окуп, ыйлап, шыктанганын айтып берген. Ал сегиз ай тергөө абагында жаткандан кийин үй камагына чыгарылган.
Ага убагында эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басарлыгы сунушталганы, бирок өзү бул тармакта жетиштүү тажрыйбасы жоктугун айтып баш тартканын билдирген.
Карасартова 2019-жылдын аягында Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин директору болуп дайындалган, бирок жарым жылдан кийин эле, 2020-жылы июлда кызматын өз каалоосу менен тапшырып, жарандык активизмге кайтарын билдирген. Ошол маалда социалдык тармактар аркылуу кесиптик окуу жайларынын көйгөйлөрү жана ийгиликтери тууралуу маалымдап, сунуш-пикирлерин жазып турган.
Асия Сасыкбаева (үй камагында)
Жогорку Кеңештин мурдагы вице-спикер, экс-депутаты, "Ата Мекен" партиясынын төрайымы Асия Сасыкбаева 73 жашта. Ал 2022-жылы 24-октябрда камакка алынган жана алты айдан кийин үй камагына чыгарылган.
Сасыкбаева эмгек жолун 1975-жылы китепканачы болуп баштаган. 1983-1994-жылдары мектепте иштеген, анын директору болгон. Андан кийин 2010-жылга чейин "Интербилим" эл аралык борборун жетектеген. 1999-2001-жылдары "Сорос - Кыргызстан" фонудунун директорлор кеңешинин төрайымы болуп турган. 2010-жылдагы парламенттик шайлоого "Ата-Мекен" партиясынын тизмеси менен шайланып келген.
2015-жылы акыйкатчылыкка талапкерлиги көрсөтүлгөн, бирок өтпөй калган. 2017-жылы "Ата Мекен" партиясынын ошол кездеги төрагасы Өмүрбек Текебаев камалганда Сасыкбаева анын таламын талашып билдирүүлөрдү жасап, нааразылык акцияларга чыгып, бийликти сындап келген.
Гүлнара Журабаева (үй камагында)
Гүлнара Журабаева 1981-жылы Казак мамлекеттик университетин философия адистиги боюнча аяктаган. 1985-1990-жылдары Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинде аспирантурада окуган.
Окууну бүткөндөн кийин үч жыл Кыргыз мамлекеттик университетинде мугалим болуп иштеген.
Журабаева 1996-2003-жылдары Евразиялык экономикалык коомчулуктун парламенттер аралык ассамблеясынын социалдык жана гуманитардык маелелер боюнча туруктуу комиссиясынын катчылыгында кеңешчи болгон.
2003-2008-жылдары "Бакай банкта" адис, бөлүм башчы жана кризис менежер болуп иштеген. Ал 2008-жылы "Интербилим" эл аралык борборуна кирип, долбоорлор боюнча координатор болуп 2011-жылга чейин иштеген. Ал "Ата Мекен" партиясынын мүчөсү катары коомдук-саясий иштерге активдүү катышкан.
Журабаева 2011-2016-жылдары Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары болгон. 2016-жылы мүчөсү болуп иштеген.
Тергөө абагында отурганда адвокаты Бакыт Автандил Журабаеванын саламаттыгы начарлап, өз алдынча баса албай калганын билдирген.
Перизат Суранова (үй камагында)
45 жаштагы активист Перизат Суранова соңку жылдары коомдук-саясий иштерге активдүү катышып жүрөт. Ал 2015-жылдары Москва шаарында өздөрүн "Патриоттор" деп атаган кыргызстандык эркектер "башка улуттун өкүлдөрү менен жүрөт делген" кыргыз кыздарын сабап, аны интернет аркылуу жайып жиберген окуялар орун алган.
Ошол маалда Перизат Суранова жетектеген кыз-келиндердин укугун коргоону “Кырк кыз” кыймылы жердешин сабагандарды айыптап чыккан. Суранова өздөрүн мекенчил атагандарды кыздарга камкордук көрүүгө чакырган.
2015-жылдагы парламенттик шайлоого "Замандаш" партиясынын тизмеси менен барган.
2018-жылы ноябрда Бишкекте өткөн саясий-коомдук күчтөрдүн курултайынын уюштуруу комитетинин 18 мүчөсүнүн бири болгон. Соңку парламенттик шайлоодо "Ата Мекен" партиясынын тизмесине кирген.
Мамбетжунус Абылов (үй камагында)
"Кемпир-Абад иши" боюнча айыпталгандардын ичинен 70 жаштагы Мамбетжунус Абылов Кыргызстан эгемендик алгандан бери саясатка, мамлекеттик кызматка аралашып жүргөндөрдүн бири. Ал эгемендиктин алгачкы, 1991-1995-жылдары "Кыргызкурулуш" мамлекеттик ишканасын жетектеген. 1995-1996-жылдары Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы болгон. 1996-1998-жылдары өзгөчө кырдаалдар министри кызматында турган. 1998-2003-жылдары Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси, ал эми 2005-2009 Кыргызстандын Түркиядагы элчиси болгон. Ортодо эки жыл "Кыргызстандын өнүгүшү" партиясын жетектеген.
Абылов оппозицияга 2010-жылы өтүп, оппозициялык кыймылдардын лидерлеринин бири катары таанылган жана "Эл үнү" партиясын жетектеп жүргөн.
2013-жылы ал “Эл үнү” оппозициялык кыймылынын лидери катары Бишкекте Кумтөр алтын кенин улутташтырууну талап кылган митингдерди уюштурган.
2014-жылы Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Акматбек Келдибеков камалганда Абылов аны коргоо штабынын мүчөсү, сот жараяндарында коомдук жактоочусу катары катышкан.
Абылов 2015-жылы парламенттик шайлоодо "Азаттык" партиясынын тизмесинде болгон.
2017-жылы Жогорку Кеңештин ошол кездеги депутаты Канатбек Исаев камакка алынганда Абылов аны коргоо комитетинин мүчөсү болгон.
Кыргызстандагы оппозициялык күчтөр 2022-жылы мартта "Кыргызстан бириккен демократиялык кыймылы" деп аталган кыймыл түзүлгөн жана ага Абылов дагы кошулган, координатору болгон.
Айбек Бузурманкулов (тергөө абагынан чыкты)
Айбек Бузурманкулов 2006-2015-жылдары банк тармагында иштеген, бирок коомчулукка таза шайлоо өткөрүү өңдүү маселелерди талап кылган активист катары таанылган. Ал улутчул-патриоттук багыттагы көз караштары жана мамлекеттик башкарууга Курултай институн киргизүүнүн жактоочусу катары акцияларга катышып жүргөн.
"Жаңы муун жаштар кыймылынын мүчөсү, " "Эркин эл" партиясынын теңтөргасы болгон. Апрель баатыры наамын алган.
Бузурманкулов 2019-2020-жылдары Таластагы Жерүй кенинин иштетилишине каршы акцияларды, иш-чараларды өткөрүп жүргөн.
2019-жылдын башында айрым коомдук-саясий жана мекенчил күчтөр өздөрү иштеп чыккан "Референдум өткөрүү жөнүндө" мыйзам долбоорун ишке ашыруу үчүн 12 кишиден турган демилгечи топ түзгөн жана анын жетекчиси болуп шайланган.
Бузурманкулов 2020-жылы бийлик алмашуу менен аяктаган Октябрь окуяларынан кийин өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган. Ал бул кызматтан 2021-жылы мартта "башка ишке өткөнүнө байланыштуу" деген жүйө менен бошотулган.
Жеңиш Молдокматов (тергөө абагынан чыкты)
Жеңиш Модокматов дагы коомчулукка жаш активист катары таанылган жана 2012-жылдары Нарындагы Жетим-Тоо кенин иштетүүгө каршы акцияларга чыгып жүргөн. Ошол маалда Кыргызстан жаштар кеңешинин теңтөрагасы болгон.
Ал 2014-жылы “Калыс” саясый кыймылынын башчысы катары жарандык активист Илья Лукашка каршы нааразылык акцияларды өткөргөн жана жарандык активистти "кумсаларды жактайт" деп айыптаган. Молдокматовдун бул аракетин сындашкан. Лукаш өлкөдөн чыгып кеткен.
Молдокматовду Ички иштер министрлиги 6-майда кармаган. 2020-жылдагы Октябрь окуяларында "УКМКнын имаратын басып алууга аракет кылган" деген айып тагылган. Кийин берене өзгөртүлүп, "Октябрь окуяларында жапырт башаламандык уюштурган" деген кине коюлган.
Молдокматов президент Садыр Жапаровдун саясатын кескин сындап, камалышын саясий куугунтук катары баалап келет.
2017-жылдагы президенттик шайлоодо Молдокматов Сооронбай Жээнбековду колдоп чыкканы белгилүү. 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо "Замандаш" партиясын жетектеп барган.
Октябрь окуяларынын шары менен бийлик алмашкандан кийин Баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыгып жүргөн жана "Ханституцияга каршы" борборунун төрагасы экенин айтып келген.
Эрлан Бекчоро уулу (үй камагында)
Эрлан Бекчоро уулу кесиби боюнча актер, мурда "Марал" радиосунун журналисти болуп да иштеген.
Жарандык активист 2021-жылы жазында Конституциянын жаңы редакциясына каршы пикетке катышып жүргөн жана "Ханституцияга каршы" кыймылынын өкүлү катары милицияга дагы Улуттук коопсуздук комитетине дагы сурак да берип чыккан.
Бекчоро уулу "Туран" партиясынын мүчөсү катары белгилүү жана бул партиянын лидери Жеңиш Молдокматов камакка алынганда анын ишенимдүү адамы болуп, билдирүүлөрдү жасап жүргөн.
Атай Бейшенбек (үй камагында)
Атай Бейшенбек 2011-жылы Студенттердин жана жаштардын "Келечек" бирлигинин төрагасы болгон. 2015-жылкы парламенттик шайлоодо "Бир бол" партиясынын үгүт кампаниясында медиа жагын караган. Андан кийин бийликтин айрым кадамдарын сындаган блогер катары тааныла баштаган.
Атай Бейшенбекке алдамчылык беренеси менен мурда эле кылмыш иши козголгону да маалым болуп, жарандык активист 16-майда Бишкектин Ленин райондук милициясында эки сааттан ашык сурак берип чыккан.
Атай Бейшенбек анда 2019-жылы Айыл чарба министрлигине 200 миң сомго сайт жасап берүү иштерине катышканын, суроолор ошонун негизинде болгонун айтып берген.
Соңку кыргыз-тажик чек арасындагы окуяларда маалымат таратууда Фейсбуктагы активдүүлүгүн көрсөткөн колдонуучулардын бири болгон. Атай Бейшенбек сотто эч күнөөсү жок экенин айтып, өзүнө козголгон кылмыш иштерин “акылга сыйгыс” деп атап келет.
Былтыр жыл башында Атай Бейшенбекке Октябрь окуяларына байланыштуу козголгон кылмыш ишинин алкагында айып коюлганы белгилүү болгон. Активисттин Фейсбуктагы баракчасына жарыяланган билдирүүдө 2020-жылы шайлоодон кийинки тоз-тополоң менен коштолгон нааразылык акцияларында "мэрияны басып алууга аракет жасаган" деген айыптоо негизсиз экенин белгилеген.
"2020-жылдын Октябрь окуясында массалык башаламандык уюштуруп, бийликти басып алгансың деп мага дагы бир кылмыш ишин козгоп, тергөөгө чакырышты. Айыпкер катары жоопко тартуу токтомунда "Бир Бол" саясий партиясынын атынан шайлоого катышкан Атай Бейшенбек уулу митингге барып, шайлоо таза өтпөгөндүгү туурасында айтып, ар кандай сөздөр менен өзүнө упай топтоо максатында курч билдирүүлөрдү жасаган", - дейт. Садыр ава (президент Садыр Жапаров), бул эмне деген "беспредел"? Биринчиден, мен "Бир Бол" партиясынан 2020-жылы шайлоого катышкан эмесмин. Экинчиден, мен ошол октябрь окуяларындагы митингде сүйлөмөк түгүл, басып барган эмесмин", - деген Атай Бейшенбек өз билдирүүсүндө аны "мэрияны басып алган" деп айыптоо да негизсиз экенин билдирген.
Октябрь окуяларына байланыштуу 2023-жылы 25-январда Атай Бейшенбекке жалпысынан үч кылмыш иши козголгон. Ага ылайык, Бейшенбекке Кылмыш-жаза кодексинин төмөнкү беренелери боюнча айып тагылган:
213-беренесинин, 4-бөлүгү (турак жана (же) турак эмес жайды, имаратты же курулманы мыйзамсыз ээлеп алууну уюштуруу же жетектөө); 278-берененин, 2-бөлүгү (массалык башаламандыктар); 209-берененин, 3-бөлүгү (алдамчылык).
Адвокат билдиргендей, биринчи эки берене 2020-жылдагы Октябрь окуяларына байланыштуу. Ал эми алдамчылык боюнча иш буга чейин козголуп, кайра жабылган. Ал боюнча соттун чечими жокко чыгарылып, кайрадан козголгон.
2022-жылы октябрда президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков менен Атай Бейшенбектин WhatsАpp аркылуу жазышкан каты тарап, кызуу талкуу жараткан. Анда Орунбековдун "Каматыш керек муну. Астына комментарий жазып. Мисалы кыргыз-өзбек мамилесин буза турган. Анан улут аралык кастыкты козутту деп камап салалы" деп билдирүүсүнүн скриншоту жарыяланган.
Орунбеков Фейсбукка түшүндүрмө жазып, активист менен катынын уландысын чыгарып, каматуу боюнча сунуш башка бирөөдөн келгенин, ал Бейшенбекке эскертип коюуну гана көздөгөнүн айткан.
Илгиз Шаменов (тергөө абагынан чыкты)
2022-жылы Илгиз Шаменов ишкер катары Айыл чарба министрлигинин жана “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын (“Бишкек” СЭЗ) ишин сындап келген жана көп өтпөй саясий куугунтукка кабылганын айтып чыккан. Анда өзүнүн балык чарбасын текшеришери тууралуу билдирме алганын жарыялаган.
Ошол маалда Фейсбуктагы баракчасына “Мен муну саясий куугунтук жана кысым катары баалайм. Менин артыман эч нерсе таппай, текшерүү жөнөтүп, бизнеске кысым боло баштады, сыягы. Айыл чарба министрлигинин коррупциялык схемаларынын бетин ачсам, мага текшерүү жөнөтүптүр”,- деп жазган.
Ошондой эле Шаменов УКМКда суракта болгонун, өзү айтып чыккан фактылар, коррупциялык схемалар текшерилерин билдирген. Андан көп өтпөй Шаменов машинесинен жардыруучу затка окшош буюм (граната) табылганын айткан. Милиция анын машинасынан табылган темир буюм РГД-5 гранатасы экенин, бирок жараксыз абалда болгонун экспертиза тастыктаганын кабарлаган.
Шаменов "Социал-демократтар" партиясынан Бишкек шаардык кеңешине депутат болгон. Балык чарба боюнча ишкердик менен алектенип, Жетим-Тоо кенин иштетүүгө каршы кыймылга кошулуп, активдүүлүгүн көрсөтүп жүргөн.
Шаменов 2022-жылы Кыргызстандан Орусияга чыгып кеткени белгилүү болгон. Ал Фейсбуктагы баракчасына "28-октябрдын таңында аны күч органдары Кыргызстанга алып кетип жатканын" айтып, Москва-Бишкек каттамындагы авиабилетин жарыялаган. Ал Орусия тарап ага саясий баш паанек берүүнү сунуштаганын, бирок ал андан баш тартканын, өз позициясында бекем турууга даяр экенин жазган. Ага дагы "Кемпир-Абад" ишине байланыштуу айып тагылган.
Али Шабдан (үй камагында)
Али Шабдан 2020-жылдардан тартып социалдык тармактарда активдүү боло баштаган. Ошол жылы май айында кытай жараны Айеркен Саймаитинин өлүмү тууралуу сүрөттөрдү бөлүшкөнү жана саясат жөнүндө тамаша пост жазганы үчүн Таласта милицияга сурак бергенин билдирген.
Ошол кезде ал “Азаттыкка” “буга чейин чет өлкөдө иштеп келгенин, ал жакта дагы кыргыз диаспорасын түзүп активдүү болгонун, учурда чакан ишканасы бар экенин, Бишкекте жашарын, соңку бир жылдан бери активист катары ишмердүүлүк жүргүзүп, "#REакция" митингине, Феминналеге катышканын" айтып берген.
Али Шабдан 2022-жылы 23-октябрда Кемпир-Абадга байланыштуу камалган жоон топ адамдар арасында болгон.
Тимур Махмудов (тергөө абагынан чыкты)
"Кемпир-Абад иши" боюнча кармалгандардын ичинен мурда-кийин коомчулукка таанымал болбогондордун бири Тимур Махмудов. Ал өзүн активист катары сыпаттап келет. Махмудов Кемпир-Абад ишине байланыштуу былтыр февралда кармалган.
Аны менен чогуу кармалган Равшан Жээнбеков "Биз “Тимур Кемпир-Абадды коргогон жалгыз азербайжан” деп аны тамашалап калабыз. Тимурду башында тааныбасак, азыр түрмө, тагдыр бири-бирибизге караан кылып койду"-деп жазган.
Марат Баязов (тергөө абагынан чыкты)
Равшан Жээнбековдун жакын адамдарырын бири катары таанымал, саясатчыга таандык "Next TV" телеканалында жетекчилик кызматтарда иштеген. Такай жанында жүргөн, бирок саясий абициясын ачык билдирип, саясий жараяндарга такыр ачык катышкан эмес, пикирин дагы айтчу эмес.
Улукбек Маматаев (үй камагында)
Улукбек Маматаев жарандык активист, оппозиционер катары 2015-жылдары аты атала баштаган жана "Улуттук оппозициялык кыймылдын" Бектур Асанаов өңдүү мүчөлөрү менен жүргөн. 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо "Ак калпак" партиясынын лидери катары "Бүтүн Кыргызстан" партиясы менен биригүү тууралуу меморандумга кол койгону тууралуу маалыматтар чыккан.
Маматаев буга чейин 22-октябрдагы жыйында эмне сөз болгонун айтып берген.
“Ал жерде “биз Жогорку Кеңештен талап кылалы”, “элге кайрылуу жасайлы” деген эле сөздөрдү сүйлөшкөнбүз. Эч кандай "бийликти басып алалы", "курал менен чыгалы", же "бирөөнү кууп чыгалы" деген сөз болгон эмес. Демократиялык коомдо биз өзүбүздү демократ деп эсептейбиз. Жаран катары ошол жерде өз позициябызды гана билдирдик. Президент жабык жолуккан, бирок ал жерден өз суроолорубузга жооп ала алган эмеспиз. Ошондуктан президент биз менен түздөн-түз жолуксун деген кайрылуу таратканы жатканбыз. Ошентип, макул деп эле тараганбыз. Тилекке каршы 23-октябрда баарыбызды басып алып, камады. Ушул камоо канчалык зарыл болчу?", - деген Маматаев.
Нурлан Асанбеков (үй камагында)
Нурлан Асанбеков дагы саламаттыгына байланыштуу үй камагына чыккан. Ал Кемпир-Абад ишине такыр тиешеси жоктугун, Равшан Жээнбековдун чарбалык иштерин бүтүрүп бергенден кийин акчасын алуу үчүн ага келип жүргөнүн билдирип келет.
"Социалдык тармактарда түшүнгөндөрү, түшүнбөгөндөрү дагы бар. Ар кандай сөздөрдү айтып жатышат. Кемпир-Абад ишине чейин курулуш тармагында иштегем. Равшан Жээнбеков менен бир жерден таанышып, сүйлөшүп калдык. Өз сунушу менен анын объектисинде курулуш иштерин бүтүргөм. Курулуш 2019-жылы башталган. Курулуш иштери жүрүп жатканда Жээнбековду түрмөгө камап салышты. Ал жактан чыккандан кийин дарыланды. Ошол учурда көп эле жолуктук, мен акымды сурап жүрдүм.
Нурлан Асанбеков эки кызын өзү баккан жалгыз бой ата экенин, апасы ал камалгандан кийин өтүп кеткенин, тергөө абагында отурган маалда саламаттыгы кескин начарлап, учурда каражаттан катуу каржалып жатканын, күнөөсү жок эле айыпталып жатканына ызаланып, өзүн өрттөө тууралуу ойлор келгенин айткан.
Чыңгыз Капаров (үй камагында)
2013-жылы Нарында ошол кездеги "Бүткүл Кыргызстан" жаштар партиясынын лидери Чыңгыз Капаровго кол салуу болгону тууралуу маалыматтар чыккан. Ал окуя 26-декабрда болгонун, андан кийин ооруканага жатып калганын билдирген.
Анын алдында, сентябрда оппозиция өлкөдө башаламандык уюштурууну жана Нарын дарыясын "цианид менен булгоону" пландаганын айткан тасма тараган.
Бул тасма коомчулукка “Юпи операциясы” деген ат менен белгилүү болгон. Оппозиция өкүлдөрү тасмада айтылган сөздөр жалган деп, аны бийликтин чагымы катары сыпаттаган. Тасмада уюштуруучулардын катарында депутат Курманбек Осмоновдун коомдук жардамчысы Чынгыз Капаров да бар экени айтылган.
Капаров 2020-жылдагы парламенттик шайлоодо "Бүткүл жаштар" партиясынын лидери катары "Бүтүн Кыргызстанга" биригүү тууралуу меморандумга кол койгондордун арасында болгон.
2021-жылы жазында Капаров жана башка активисттер мурдагы президенттер Роза Отунбаева менен Сооронбай Жээнбековдун "экс-президент" макамын алууга байланыштуу кол топтой баштаган. Чыңгыз Капаров 2021-жылдагы шайлоодо бир мандаттуу Нарын округунан ат салышкан.
Акыл Айтбаев (үй камагында)
"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаев 2022-жылы Кемпир-Абадга байланыштуу нааразылык акцияларга, иш-чараларга катышып жүргөн.
Таалай Мадеминов 2022-жылы 23-мартта Кемпир-Абад ишине байланыштуу камалган. Ал тууралуу маалымат дээрлик жок.
Былтыр жыл аягында бул ишке байланыштуу айыпталгандар Садыр Жапаровдун Элдик курултайда алар тууралуу айткандары боюнча кайрылуу жасашкан. Анда “кылмыш ишинин материалдарында Кемпир-Абад окуясына чет мамлекеттин же адамдын катыштыгы бар деген бир да факты же далил жок” экени белгиленет.
Буга байланыштуу алар президенттен “кемпир-абадчылар” чет өлкөдөн акча алганы тууралуу далилдүү маалыматтарды талап кылышкан. "Эгерде мындай материалдар бар болсо, аларды жазык ишине киргизип, айыпталуучуларды, алардын адвокаттары менен сотту тааныштыруу керек” деп эсептешет.
“Сиз айткан маалымат бизге эле эмес, биринчи кезекте Кыргызстан менен дипломатиялык мамиле түзгөн кайсы бир мамлекетке карата өтө олуттуу айыптоо. Биздин ишке кайсы мамлекеттин тиешеси бар экенин ачык айтпаганыңызга карабастан, сиз айткан жагдайлар тыкыр жана ар тараптуу иликтөөнү, тийиштүү саясий-укуктук баа берүүнү талап кылат. Кеп биздин мамлекеттин ички иштерине одоно кийлигишүү, мамлекеттик эгемендикке кол салуу, башкача айтканда, Кыргызстандын аймагында диверсиялык иштерди жүргүзүү жөнүндө болуп жатат”, - деп айтылат кайрылууда.
Садыр Жапаров 16-декабрда экинчи Элдик курултайда Кемпир-Абад иши боюнча сотту ачык өткөрүү тууралуу суроолорго жооп берген жана алардын арасында уюштурган башчысы бар экенин, ал "кайсы бир өлкөнүн элчилигинен акча алган" деп айыптаган. Президент Жапаров ал кайсы өлкө экенин ачык атаган эмес.