Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:15

Газа: Байден ХАМАСты тынчтык сүйлөшүүлөрүндөгү негизги тоскоолдук деп атады


Газа.
Газа.

Газа секторунда Израил армиясынын чабуулдары уланып жатканын 14-июнда France-Presse (AFP) агенттиги жергиликтүү тургундарга шилтеме жасап кабарлады. Бейшембиде Рафах шаарына ракеталык көп сокку урулганы, АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган ХАМАС тобунун жоочулары менен көчөдө кармаш жүргөнү маалымдалды.

АКШ президенти Жо Байден Италияда G7 саммитинде журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып ХАМАСты Газада тынчтык орнотуудагы тоскоолдук деп атады:

"Биз келишим түздүк, мен өз пикиримди айттым, аны Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук кеңеши, "Чоң жети" да, израилдиктер да жактырды. Азыркы тапта эң чоң тоскоолдук ХАМАСтын ошол келишимге кол коюудан баш тартып жатканы болууда. Анын ишке ашары азырынча белгисиз. Биз өз көз карашыбызды жеткирүүгө аракеттене беребиз".

Ошол эле учурда Израилдин түндүк чек ара тилкесинде ХАМАСтын союздашы, Иран колдогон ливандык "Хезболла" тобунун соккуларынан, израилдик аскерлердин аларга каршы чабуулдарынан улам абал курчуп турганы айтылды.

"Хезболла" израилдик аскерлерге каршы ракета жана дрон чабуулун жасаганын, бутага алты казарма жана аскердик объект алынганын, буга Израилдин шейшембидеги соккусунан командирлеринин бири Талеб Абдалла каза тапканы себеп болгонун билдирди.

Израил эки аскери жараат алганын кабарлап, "Хезболланын" чабуулдарына жооп болорун эскертти.

10-июнда БУУнун Коопсуздук кеңеши АКШнын Газадагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча сунуш кылган планын колдогон резолюция кабыл алган.

Планды май айынын соңунда АКШ президенти Жо Байден сунуш кылган. Биринчи этабында Израилдин абактарында отурган палестиндерди жана ХАМАС барымтада кармап турган израилдиктерди айырбаштоо, ок атышууну убактылуу токтотуу каралган.

Экинчи этабында барымтадагылардын баарын бошотуу, атышууну толук токтотуу жана Газадан Израилдин бардык аскерлерин чыгарып кетүү сунушталууда.

Эл эми акыркы этабында секторду калыбына келтирүү боюнча эл аралык планды иштеп чыгуу жана ХАМАСтын колунда барымтада каза болгондордун сөөгүн Израилге өткөрүп берүү каралууда.

Газанын 2,3 миллионго жакын калкынын көбү Израилдин чабуулдарынан баш калкалап, сектордун улам бир аймагына барып жашынып жашоого мажбур болууда. Израилдин бул сектордогу аскердик операциясына 2023-жылдын 7-октябрындагы окуя түрткү болгон. Бул күнү куралчан адамдар тобу 1200дөй кишини өлтүрүп, 250 кишини барымтага алып кеткен, кийин алардын бир бөлүгү бошотулган, айрымдары каза болгону кабарланган.

Израил бул үчүн ХАМАСты айыптап, негизги максаты аны жок кылуу экенин билдирүүдө. Газа секторун ХАМАС көзөмөлдөйт.

Газада ХАМАС менен Израил армиясынын согушунун кесепетинен сегиз айдан ашуун убакыттан бери бул сектордо жашаган палестиндердин 37 миңден ашууну каза болгонун анклавдын ХАМАС көзөмөлдөгөн саламаттык сактоо мекемеси билдирүүдө. Мекеме жарыялаган сан күмөн жаратпай турганын БУУ маалымдаган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG