Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:36

Кемпир-Абад иши: "Сот адилет чечим чыгарды. Эч ким ырайым сураган жок"


Кемпир-Абад иши боюнча акталгандар жана алардын адвокаттары. 14-июнь, 2024-жыл.
Кемпир-Абад иши боюнча акталгандар жана алардын адвокаттары. 14-июнь, 2024-жыл.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков 14-июнда Кемпир-Абад иши боюнча “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен шек саналган саясатчы активисттердин баарын актады.

Кемпир-Абад иши боюнча башта 27 кишиге айып тагылып кармалган. Алардын ичинен 22 кишиге актоо өкүмү чыкты.

Алар: Равшан Жээнбеков, Азимбек Бекназаров, Жеңиш Молдокматов, Айданбек Акматов, Марат Баязов, Айбек Бузурманкулов, Илгиз Шаменов, Тимур Махмудов, Рита Карасартова, Клара Сооронкулова, Али Шабдан, Эрлан Бекчоро уулу, Асия Сасыкбаева, Гүлнара Журабаева, Перизат Суранова, Улукбек Маматаев, Таалай Мадеминов, Чыңгыз Капаров, Нурлан Асанбеков, Атай Бейшенбек, Акыл Айтбаев жана Мамбетжунус Абылов.

Ал эми беш айыпталуучунун иши өзүнчө бөлүнгөн. Орозайым Нарматова менен Талантбек Эшалиевдин иши буга чейин эле өзүнчө өндүрүшкө алынган. Ден соолугуна байланыштуу дарыланып жаткандыктан саясатчылар Кеңешбек Дүйшөбаев менен Бектур Асановдун жана Жогорку Кеңешке шайлоого талапкер болгон Кубанычбек Кадыровдун да иши жакында эле өзүнчө бөлүндү.

Равшан Жээнбеков: Бул адилеттүү чечим болду

- Мен мындай чечим болот деп күткөн эмесмин. Мынакей, керек болсо абактан чыгып жатканда сумкаларымды таштабай, кайра келем деп даярданып келгем. Бирок сот адилеттүү чечим чыгарды. Кандай негиз менен чыгарды, билбейбиз. Бирок биз эч убакта күнөөлүү болгон эмеспиз. Биз үчүн күтүүсүз чечим болду. Соттун чечими биз күнөөлүү эмес экенибизди, баары мыйзам чегинде болгонун толугу менен далилдеди.

Жеңиш Молдокматов: Эч ким ырайым сураган жок

- Бүгүн чынында акыйкат сот болду. Баарыбыз акталдык. Кылмышыбыз жок, жабык сот болсо дагы чыныгы жакшы чечим кабыл алынды. Эң негизгиси, акыйкат чечим чыкты. Биз Кемпир-Абад маселеси боюнча мыйзамсыз камалганбыз, эми бүгүн мыйзамдуу чыгып жатабыз. Эч ким ырайым сураган жок. Эч ким суранган жок. Болгону иштин жагдайы боюнча гана тергөөдөн баштап соттун жүрүшүнө чейин кандай мыйзам бузуу болгону тууралуу бардыгы системдүү түрдө көрсөтүп, чагылдырып беришти. Ошол да сотко таасир этти деп ойлойм.

Клара Сооронкулова: “Кемпирабадчылар” мамлекеттен кенемте алууга укуктуу

- Бизге мыйзамсыз иш козголуп ошондон жабыркадык. Ошонун баарына байланыштуу мамлекетке доо коюп, кенемте алганга укугубуз бар. Бирок соттун чечими азырынча күчүнө кире элек. Прокурорлор бизди 20 жылдан кесүүнү сурагандан кийин прокуратура кийинки инстанцияга арызданышы да мүмкүн.

Улукбек Маматаев: Сот күтүлбөгөн жолго барды

Жакшыны жакшы деп эле айтыш керек. Сот күтүлбөгөн жолго барып, чечим чыгарды деп ойлойм. Бизге коюлган беренелер өтө оор болчу, 20 жыл сурап жаткан, өзүңүздөр билесиздер. Кандай болгон күндө да оң чечилгени биз үчүн абдан чоң кубаныч болууда.

Укук коргоочу Азиза Абдирасулова: Сот системасындагы бурулуш катары бааласак болот

- Камалгандар күнөөсүз экенине 100% көзүм жетип эле жүргөн. Балдар биринчи кармалган күндөн тартып алар туура эмес камалганын, иш негизсиз козголгонун, тергөө өтө мыйзам бузуу менен жүрүп жатканын бир нече жолу белгилеп, эң жогорку мамлекеттик жетекчилерге чейин айтып келгенбиз. Бирок бүгүнкү соттук системаны көрүп актоо чечими чыгат деп үмүт кылган эмеспиз. Жок дегенде эркиндигинен ажыратпаган чечим чыкса экен деп жатканбыз. Мен эне катары, укук коргоочу жана активдүү жаран катары Марат Сыдыковго өзүмдүн терең ыраазычылыгымды билдиргим келет. Прокурорлор 20 жыл сурап, мүлкүн конфискациялоо деп өтүнгөнүнө карабастан ушундай эр жүрөктүккө, чечкиндүүлүккө барып, актоо чечимин чыгарганы Кыргызстандын тарыхындагы, балким сот системасындагы бурулуш катары бааласак болот.

Кемпир-Абад ишине айыпталгандар бошотулган учур. 14-май, 2024-жыл.

Кемпир-Абад иши: Прокурор 20 жыл жаза сурады

10-июндагы жараянда прокурорлор соттон Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткан саясатчы жана активисттердин ар бирин 20 жылдан абакка кесип, мүлкүн конфискация кылуу жазасын сураган.

14-июнда Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткан 20дан ашык киши сотто акыркы сөзүн сүйлөдү. Сот жараяны жабык өттү. Прокурор өткөн жумада алардын ар бирине 20 жылдан жаза сураган.

Айыпталуучулар бир күн мурда жарыш сөзгө чыгышкан. Укук коргоочу Азиза Абдирасулова 12-июндагы соттук жараянда шектүүлөрдүн жетөөнө гана жарыш сөзгө чыгуу мүмкүнчүлүгү берилгенин айткан.

10-июндагы жараянда прокурорлор соттон Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткан саясатчы жана активисттердин ар бирин 20 жылдан абакка кесип, мүлкүн конфискация кылуу жазасын сураган.

Сот имаратынын жанындагы акция

14-июнда Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткандардын жакындары акыйкат чечим чыгаруу талабы менен сот имаратынын алдына акцияга чыгышты. Алар колдоруна "Кемпир-Абадды коргоо кылмыш эмес", "Акыйкат чечим" деген жазуусу бар барактарды көтөрүп, "боштондук!" деп кыйкырып турушту.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы 23-октябрда камалган.

Ушул тапта кармалгандардын ичинен сегиз киши тергөө абагында калып, калгандары түрдүү жагдайда эркиндикке чыккан.

Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандар.
Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандар.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан.

Эл аралык уюмдардын кайрылуусу

Ушул жумада Human Rights Watch, People in Need, Норвегиянын Хельсинки комитети, Адам укугу боюнча эл аралык өнөктөштүгү жана башка бир катар эл аралык укук коргоо уюмдары Кыргызстандын бийлигине кайрылуу жолдоп, Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандарды бошотууга чакырды.

Биргелешкен кайрылууда алар прокурорлордун айыпталуучуларды 20 жылга эркинен ажыратууну сураганы өлкөдө "сот тармагынын ансыз деле адилеттик принциптеринен тайып баратканын дагы тереңдетет" деп белгилешкен.

"Кыргызстандын бийлиги саясий негизделген айыпты жоюп, иш боюнча айыпталып, айрымдары 19 айдан ашуун убактан бери абакта жаткан бардык адамдарды токтоосуз бошотууга тийиш", - деп жазылган кайрылууда.

Укук коргоо уюмдары кыргыз бийлиги ишке "жашыруун" грифт коюлганы, сот жыйындары жабык өтүп жатканы - айыпталуучулардын укугун бузууга жатарын белгилеп, Кыргызстан Жарандык жана саясий укуктар боюнча эл аралык пактынын катышуучусу экенин эскертишкен.

Кайрылууда айрым сот жараяндары эл аралык нормаларды бузуу менен айыпталуучулардын адвокаттарысыз өткөнү, соттук материалдарды экспертизадан өткөрүүгө, сотто көрсөтмө берүүгө мүмкүнчүлүк берилбегени белгиленген.

"Бийлик активисттерден мыйзамдуу сындаганы жана жарандык жигердүүлүгү үчүн ачык эле өч алып жатат. Бийлик тескерисинче Кемпир-Абад иши боюнча айыпталгандардын иши тез арада токтотулуп, алардын токтоосуз бошотулушун камсыз кылуусу зарыл", - деп жазылган анда.

Front Line Defenders уюму да укук коргоочу аялдарды: Клара Сооронкулова, Рита Карасартова, Перизат Суранова, Гүлнара Журабаева жана Асия Сасыкбаеваны 20 жылга кесүү тууралуу прокурордун өтүнүчүн айыптаган. Эл аралык уюм Кыргызстандын бийлиги ысымдары аталган төрт аялга тагылган бардык айыптарды алып салууга 13-майда чакырды.

Укук коргоо уюмдары кыргыз бийлигин сөз эркиндигин жана башка негизги адам укуктарына кысым жасабоого чакырып, бул жаатта эл аралык коомчулук алдындагы милдеттерин так аткаруу талабын коюшкан.

12-июнда айыпталуучулардын адвокаттары жарыш сөз жети гана адамга берилгенин, калгандарына берилбегенин билдиришкен. 13-июндагы процессте айыпталуучуларга акыркы сөз берилди.

10-июндагы жараянда прокурорлор соттон Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткан саясатчы жана активисттердин ар бирин 20 жылдан абакка кесип, мүлкүн конфискация кылуу жазасын сураган.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочулар 2022-жылы октябрда камалган. Ушул тапта кармалгандардын ичинен сегиз киши тергөө абагында жатат. Калгандары түрдүү жагдайда эркиндикке чыккан.

Кемпир-Абад иши 2023-жылы июнь айында сотко өтүп, Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” грифин койгон. Милиция аларга Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен айып таккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG