Баткенде эки жашар кызды сабоого шектүү тергөө абагына камалды

Тергөө абагы. Иллюстрациялык сүрөт.

Баткен районунун Бужум айылынын тургуну, эки жаштагы кызды сабоого шек саналган адам тергөө бүткүчө камакка алынды. Мындай чечимди райондук сот чыгарды.

Облустук биргелешкен ооруканасынын жетекчиси Арзыбек Бөрүбековдун маалымдашынча, сабалган кыздын абалы туруктуу оор, өзүнө келе элек.

Облустук милиция маалымдагандай, 7-июнда эки жаштагы кыз Баткен облустук биргелешкен ооруканасынын сыныктар бөлүмүнө түшкөн. Бул факты ошол эле күнү Баткен райондук ички иштер бөлүмүнө каттоого алынып, текшерүү иштери башталган.

Кыздын таенесинин арызынын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин “Уруп-сабап кыйноо” беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүү катары Баткен районунун Бужум айылынын 40 жаштагы тургуну кармалган.

Шектүүнүн жакындары жана адвокаттарынан азырынча комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

Расмий маалымат боюнча, ушул жылдын январь-апрель айларында Кыргызстанда балдарга каршы 52 зордук-зомбулук фактысы катталган.

Акыйкатчы институту 2022-жылы Кыргызстанда жашы жете элек балдарга зордук-зомбулук, адам укугун бузуу боюнча иштердин 31% кыскартылып, 32% гана сотко жеткенин маалымдаган. Калган 37% создуктурулуп, өндүрүштө калган.(ZKo)

Дагы караңыз

Футбол: "Ак шумкарга" кандай атаандаш туш болот? Байден АКШнын Кыргызстандагы элчиси кызматына Cтиммлерди көрсөттүФутбол: Лисицын улуттук кураманын башкы машыктыруучусу болду"Өзүмдү өрттөйүн дедим". Кемпир-Абад иши үчүн камалган Асанбеков"Туугандарга айтпай, жалгыз келдим". Мариуполдо иштеген мигранттар