Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:14

Футбол: Лисицын улуттук кураманын башкы машыктыруучусу болду


Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Максим Лисицын.
Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Максим Лисицын.

Орусиялык адис Максим Лисицын Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу болуп дайындалды. Бул тууралуу 14-июнда Кыргыз футбол биримдиги кабарлады. 46 жаштагы Максим Лисицын курама команданы 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын 3-баскычына даярдайт. Мелдештер сентябрь айында башталат.

Маалымат боюнча, ал Кыргызстандагы ишмердүүлүгүн төрт жыл мурун баштаган. 2022-жылы анын жетекчилиги менен Кыргызстандын U-20 жаштар курамасы Азия кубогунун финалдык бөлүгүнө чыккан. Андан сырткары, Кыргызстандын Олимпиадалык U-23 курама командасын Азия биринчилигинин тандап алуу оюндарында жетектеген.

Кыргыз футбол биримдигинин аткаруу комитети Максим Лисицындын талапкерлигин 13-июнда бекитип, жаңы башкы машыктыруучу менен бир жылга келишим түзүлдү.

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Штефан Таркович жана машыктыруучулар штабы 13-июнда толук курамы менен кызматтан кеткен.

Улуттук курама 11-июнда Омандын Маскат шаарында Омандын футболчулары менен 1:1 эсебинде тең чыгып, 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатынын тандап алуу оюндарынын 3-туруна өтүп, 2027-жылы боло турган Азия кубогуна жолдомо алган. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG