Улуттук банк валюта базарына 6 млн 650 миң доллар сатты

Улуттук банк 13-июнда валюта рыногуна 6 млн 650 миң доллар сатты. Муну менен банк март айынан бери базарга биринчи жолу доллар сатып жатат.

Жаңы жылдан бери Улуттук банк базардан тогуз жолу доллар сатып алып, үч жол сатты.

Былтыр башкы банк валюта базарынан 655,7 млн доллар сатып алган.

Акыркы апталарда доллардын да кыргыз сомуна карата курсу түшүп кетти. Ушул күндөрү бир доллар 87,15 сомдон сатып алынып, 88 сомдон сатылууда. Улуттук банктын сайтында 86 сом 94 тыйын деп бааланууда.

Акыркы суткада Кыргызстанда орус рублинин дагы сомго карата курсу түшкөнү байкалууда. 13-июнда коммерциялык банктар менен менчик акча алмаштыруу жайларында 60 тыйындан сатып алынып, 98 тыйындан сатылды. 14-июнда 92-95 сом болууда. Улуттук банктын расмий курсу 97 сом 55 тыйын деп коюлган. (КЕ)

Дагы караңыз

CPJ кыргыз бийлигин 11 журналистке козголгон кылмыш ишти токтотууга чакырдыКемпир-Абад иши: Front Line Defenders уюму аялдарды 20 жылга кесүү өтүнүчүн айыптадыМосква биржасында жаңы санкциядан улам доллар жана евро соодасы токтодуКувейт: мигранттар турган үйдө чыккан өрттөн 50 индиялык набыт болду