Полиция митингчилерге каршы атайын каражат колдонгон себебин алар «бөтөлкө ыргытып, тартип сакчыларынын каскаларын жана желим союлдарын тартып алып, атайын орнотулган тосмодон өтүп кетүүгө аракет кылганы үчүн” деп түшүндүрдү.
Видеодон кулак тундуруучу гранаталар колдонулганын көрүүгө болот. Жараат алгандарга желим ок тийгенби же башка каражатпы, азырынча расмий маалымат бериле элек.
Армениянын Саламаттык сактоо министрлигинин 13-июндагы маалыматына караганда, шаршембинин кечинде борбор калаа Ереванда митингчилер жана полиция кагылышканда жабыркаган 98 киши дарыгерге кайрылды. Алардын арасынан жеңил жана орто жараат алган 32 киши ооруканада жатат. Полиция 16 кызматкери жарадар болгонун билдирди.
Окуя парламент алдында болду. Би-Би-Си чогулгандар бир нече миң кишиге жеткенин жазды.
"Армения, армян эли коопсуздугунан, жашаган жеринен, деги эле өлкө макамына байланыштуу эмнебиз болсо, баарынан ажырап келатабыз. Соңку төрт жылдан бери баары төмөндөөдө. Мындай өкмөт менен эртең өлкөбүздү да жоготуп алчудайбыз", - деди демонстранттардын бири Рузанна Асатрян.
Азыркы тапта Арменияда оппозиция лидери болуп турган, армян апостол чиркөөсүнүн Тавуш епархиясынын башчысы Баграт Галстанян өкмөткө каршы акцияны 9-майда баштаган.
Коюлуп жаткан негизги талап – премьер-министр Никол Пашиняндын отставкасы.
Оппозиция аны Азербайжан менен чек арадагы талаштуу төрт айылды азери тарапка эч кандай кепилдик албастан өткөрүп берип койгонун айтууда.
Ал эми 12-июндагы кагылышуу алдында Никол Пашинян парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып Армения Жамааттык коопсуздук келишими уюмунан (ЖККУ) чыгарын айткан:
«Биз альянстан чыгабыз. Качан чыгууну өзүбүз чечебиз. Биздин кийинки кадамыбыз кандай болушу керек деп ойлойсуз? Албетте, артка кайтпайбыз».
Ушул эле оюн Пашинян 13-июнда парламенттин бюджетти талкуулаган жыйынында да кайталап, "өкмөттүн 2021-2026-жылдарга планында ЖККУ мүчөсү болуу тууралуу сөз жок" экенин, бул "балким, бир айдан кийин же бир жылдан, үч жылдан кийин ишке ашарын" белгиледи.
Тартип сакчылары менен кагылышкан протестчилерди ал «парламентке кол салды» деп айыптады, полициянын операциясы «мыйзамдуу жана кесипкөй» болгонун, себеби алар мыйзам чыгаруу мекемесин коргоо милдетин аткарганын айтты жана башаламандыкты баштагандар жоопко тартыларын кошумчалады.
Армян парламентинин алдында акция 13-июнда да уланды. Оппозиция лидери Баграт Галстанян полиция тынч жыйындын катышуучуларына күч колдонгонун «терроризм» деп атады.
Пашиняндын кетишин талап кылып жаткандар эгер Армения ЖККУдан чыгып, Орусиядан алыстаса, өлкөнүн коопсуздугуна коркунуч жаралып, Азербайжандын жаңы чабуулдарды баштоо ыктымалдыгы жогорулай турганын айтып жатышат.
Армениянын өкмөт башчысы Азербайжан Тоолуу Карабакты көзөмөлүнө алган кезде жана эки өлкө ортосунда чек ара сүйлөшүүлөрү оңой эмес болуп жаткан чакта ЖККУга таяна албай койгонун бир нече жолу айткан. Бирикмеде үстөмдүк кылган Москва, өз кезегинде, Арменияны батышчыл позициясы үчүн айыптаган.
Андан мурдараак Армения ЖККУдагы каржылык катышуусун токтотуп жатканын жарыялаган жана бул аскердик бирикмедеги мүчөлүгүн токтоткон.
1992-жылы негизделген ЖККУнун курамында алты өлкө бар – Армения, Беларус, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан.
2022-жылы күзүндө Тоолуу Карабакта абал курчуп турганда Ереван Москвадан жана ЖККУ боюнча башка да өнөктөштөрдөн жардам сураган, бирок эч кимисинен колдоо тапкан эмес. Ошол окуялардан кийин Тоолуу Карабак Азербайжандын карамагына өткөн.
Дагы караңыз
Экс-депутат Эмил Жамгырчиевдин сотунда күбөлөр сурала баштадыАкаев: Сот "кемпирабадчыларды" актаса, бийликке рахмат айткандар көп болотЗалкарлар портретин сөз менен тарткан чебер кеттиКүйөрмандар футболчуларды тосуп алды