Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:49

Экс-депутат Эмил Жамгырчиевдин сотунда күбөлөр сурала баштады


Эмил Жамгырчиев
Эмил Жамгырчиев

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Эмил Жамгырчиевдин иши боюнча күбөлөр сурала баштады. Бул маалыматты “Азаттыкка” райондук соттун басма сөз кызматы ырастап, кийинки соттук жараян 19-июнга белгиленгенин билдирди.

2023-жылы 27-декабрда ошол кездеги башкы прокурор Курманкул Зулушев Эмил Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартууга парламенттен уруксат сураган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” беренеси менен иш козголгон.

Быйыл 10-январда парламент аны кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген.

24-январда Биринчи май райондук соту Эмил Жамгырчиевдин бөгөт чарасын карап, аны 26-февралга чейин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камакка алган. 2-февралда кайра үй камагына чыгарган.

Ушул эле күнү Борбордук шайлоо комиссиясы Жамгырчиевдин арызынын негизинде аны депутаттык мандатынан ажыраткан. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG