Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Ноябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:35

Залкарлар портретин сөз менен тарткан чебер кетти


Самсак Станалиев
Самсак Станалиев

Кыргыз эл жазуучусу Самсак Станалиев көп кырдуу талант болчу, кара сөз менен ырды, публицистика менен котормочулукту эриш-аркак ала жүргөн, анан да күн менен түндү, эс алуу дегенди билбеген мээнеткеч калемгер эле.

Чарчоо билбес калемгер

Самсак Станалиевдин 74 жашында бул жарыкчылыкты таштап кеткенин угуп эсим ооп отурам. Кагаз менен каламды баарынан жогору коюп, сөз уулап, ой багып, чарчоо дегенди билбеген, үстөлгө бир отурса убакты-саатты жадынан чыгарып, баштаганын аягына чыгармайынча ордунан козголбогон нукура мээнеткеч, сөз берметин издөөдөн тажабаган чебер стилисттин жалган дүйнөнү таштап кетиши улуттук адабият үчүн чоң жоготуу.

Бирөөгө кылдай жамандыгы жок, андайды дегеле ойлобогон, жалаң сөз абыгерчилигин тартып, ой издеп, көркөм сюжет, композиция курулушуна келгенде кара сөздү нөшөрлөгөн ырга айланткан Сакемдин боорукер көзү жумулуптур. Өбөктөп отурчу жазуу үстөлү, жайылган кагаздары менен кол менен гана шурудай тизчү сыйкырдуу каламы жетим калыптыр. Эчен мээнет, эмгек менен тикелеген көркөм дүйнөсүнүн кооздугуна өзү да ыраазы болуп, андагы ар бир окуя, эпизодду кайра акыл-эсинен өткөрүп, кынаптан тизилген текстине ушунчалык этият, аяр мамиле кылган Сакеңдей жазуучу өзү бул дүйнөгө сейрек келет. Кайран Сакең чанда бир жаралчу кайталангыс талант эле.

Жаш айырмабыз чоң болгону менен теңтуш элек, аныбыз ыраматы социализм заманында Кыргыз мамлекеттик университетинин кагаз менен каламга өч дымактуу жаштарды чогулткан филология факультетинде чогуу окуп калганыбыздан башталган. Бизден бир курс жогору окугандардан оголе көп таланттуу жазуучу, илимпоз, мугалим, башка кесип ээлери чыкты.

Суук кабар угулганга чейин Сакем бучкактаган оорудан амал-аргасын кылып үйүндө дарыланып жатканын социалдык тармактан окуган элем. Анын Фрунзеге келгиче кара жумушта иштегенин, аскердик милдетин өтөп келгенден кийин райондук гезиттен Фрунзедеги университетке өткөнүн, анан жазгандарын республикалык гезит-журналдарга жарыялап алгач журналист, жаш акын катары таанылганын эстедим. Ошол 70-жылдары кыргыз адабиятынын ооматы жүрүп, жазуучу, акын болом дегендер көп эле. Самсактын "Сүйүнчү" (1982), "Кыймыл” (1986), "Ылдамдык" (1990) деген ыр жыйнактары ага акындыкты ыроолоп койгон болчу.

Кайрандардын элеси

Ошентип ал акын катары таанылган., айрымдар аны ушул ыраатта чыгармачылыгын улантат деп ойлошчу. Жуурулушкан ыр жоргосу кийин анын кара сөзүнө кадимкидей кирип, окумдуу макалалары менен өтүмдүү публицистикасынын көркүн ачты. Анын адабий сын макалалары дагы кызыгуу менен окулчу. Анысын "Ала-Тоо" журналындагы "Тайбуурул да тай болгон" полемикалуу макаласынын аты айгинелеп турат.

Сакең кыйлага ыр менен сынды, публицистиканы эриш-аркак ала жүрдү. Сынчылык өнөр Сакеңдин талантынын дагы бир кырын ачты, учурдагы көркөм-адабий турмушка гана активдүү аралашпастан, көзү өтүп кеткен классиктердин, атап айтканда, Касым Тыныстанов менен Жоомарт Бөкөнбаевдин өмүр жолуна кайрылып биртоп кызыктуу макалаларын жарыялады. Касым Тыныстановдун жесири Турдубүбү апа менен маектешип, сталиндик кандуу кыргындын курмандыгы болгон кайрандардын элесин эскерди. Улуулардын кыйын замандагы жашоо-тирлиги, чыгармачылык позициясы кандай болгонуна кызыгып, буга чейин айрым бир тийди-качты эскерүүлөр болбосо олуттуу кеп деле сөзгө алынбаган репрессия темасына киришкен. Кайрандардын жакындарын таап, алардан өткөндү сурап, опсуз чоң көркөм иликтөөлөрүн баштаган. Анысын мезгилдүү басма сөздөрдүн бириндеги маегинде минтип эскерген жайы бар:

"Алардан мен 20-30-жылдардагы кыргыз интеллигенциясын, алардын тагдыр-тарыхын, турмуш-жайын сурачумун. Анткени архив материалдары, ар кандай документтер жансыз болот, сүйлөбөйт, жазуулар жалдырап тура берет. Ошол факты-маалыматтар оозеки баяндоолордон кийин жаңы өмүр табат, такталат, толукталат. Сен көрбөгөн адамдардын кыял-мүнөзү, жүрүм-туруму көз алдыга келет, тарыхый инсандардын образдары ушинтип түзүлөт. Архивге отурган адамга өзүнөн-өзү роман жазыла бербейт. Жазуучу ар бир тарыхый инсандын тагдыр-турмушун өзүнүн жашоо-жазмышы катары кабылдашы керек. Касым Тыныстанов жөнүндө жазарымда ошондой тагдыр менен жашагам, түрмөнү да көргөм, кыйноого да кабылгам”.

Ошондой эчен чыгармачылык толгонуулардан кийин анын жазуучулук дараметин бар көркү менен ачып берген "Чагылгандын көз жашы (Касым Тыныстанов)" (2001) романы жарыяланган. Большевиктер бийлиги иргеп-ылгап отурбай өткөн кылымдын 30-жылдардын ортосунан тарта улуттун баш көтөргөн мыктыларын - оголе көп интеллигенция өкүлдөрүн, саясий иштерге эч тиешеси жок карапайым адамдарды боо түшүрүп жок кылган, аларга адам оюна келбес айыптарды уруп-токмоктоп жатып моюнуна алдырып, ачык сот өткөрүшкөн, ансыз да сөлөкөтү калган байкуштарды сот алдында моюнуна алдыртып туруп аттырып таштаган.

"Чагылгандын көз жашы" миллиондогон кыргынды баштаган сталиндик бийликтин - убал-сооптон коркпогон канкор режимдин табиятын тартынбай ачып берген чынчыл чыгарма. Анда миллиондордун көз жашы бар, большевиктик бийликтин окуган адамдын үрөйүн учурар канкордугу сүрөттөлгөн. Таң калычтуусу, чыгарманы жазарын жазып алып аны өзү чыдап окуй албасын Сакең каламдашы Олжобай Шакирге сыр кылып айтып берген экен. Чынында эле каар замандын жүрөк титиретчү азабын өзүндөй жазыш кандай кыйын болсо, аны чыдап окуш деле ошондой оор иш.

"Андагы сүрөттөлгөн айрым окуялар алигиче эле өз башымдан өткөргөн жан чыдагыс тагдырымдай элестейт. Ошондон уламбы, же андагы аянычтуу окуяларданбы, айтор, “Чагылгандын көз жашын” окубайм, окубайм эмес, окуй албайм".

Сүрөттөп жаткан турмуш көрүнүшүнө биротоло кирип кеткен жазуучу гана каламынан чыккан ачуу чындыктан өзү чочуп, жүрөгү опкоолжуп калат окшобойбу. Болбосо Сакең Федор Достоевскийдин айтылуу "Кылмыш жана жазасын" жүрөгү заарканбай, көп окурмандын бири катары окуп коймок, "окуй албай койдум" деп атпайбы.

Самсак Станалиев өмүр баян чыгармалары көңүлүнө жакындыгын ошондон адабияттын ушул жанрын тандап алганын айтчу. Анын үстүнө кыргыздын кечээги өткөнү совет заманы жаңыдан тикеленип келаткандагы драмасы менен трагедиясы аралашып кеткен чиеш заман кыргыз адабиятында көп иликтенбеген темалардын бири. Совет заманында большевиктик бийликтин бетине чиркөө болчу тема козголчу эмес.

Социализм тарыхый тактысынан шыпырыла баштаган чакта Казат Акматовдун "Күндү айланган жылдары" чыккан. Босогодо айкындуулук, сөз эркиндиги деген келип калган. Анан Абдулхай Алдашевдин "Жер төлөдө ой толгоо", “Казат селинде", "Өх, бүттүкпү!" үчилтиги чыкты, Көчкөн Сактанов "Маркумдар үнүн" жарыялады, согуш маалында туткунга түшкөндөрдүн жакындарын сүргүнгө айдаган бийликтин дагы бир кыңыр иши Өскөн Даникеевдин "Арман" романында сүрөттөлгөн.

1916-жылкы апаатты башынан өткөргөн байкуш кыргыздын дагы бир азаматы кантип НКВДнын торуна түшүп калганын Арслан Капай уулу "Мисмилдирик" романында ачып берди. Мына ушул катарда Самсак Станалиевдин төртилтиги өзгөчө орунда турат.

Айтматовдун арманы

Касым Тыныстанов, Жоомарт Бөкөнбаев, Чыңгыз Айтматовдун өмүр жолу барып-келип сталиндик репрессияга чырмалышып кетет, бири тикелей курмандыгы, экинчисин ошондой тагдыр күтүп турган, үчүнчүсү каргадай бала кезинде "эл душманынын баласы" аталып, каардуу системанын басым-кысым, кодулоосун башынан өткөргөн армандуу сүрөткер.

Жазуучу "Ак жарыктын айыкпаган сыныгы" (2018) үчилтигинде өкүмзор саясый система өзгөрүлбөстүгүн, аны жаңылоо аракетинен эч бир майнап чыкпастыгын Чыңгыз Айтматовдун өмүр жолунун мисалында көрсөткөн. Каргадай бала кезинде атасынан ажыраган залкар жазуучунун көкөйүнө көк таштай тийген арман-күйүтү аны өмүр бою коштоп, басса оюнан, уктаса түшүнөн кетпеген зылдай оор эскерүүгө айланып кеткен. Чынында эле сыртынан телегейи тегиз, бактысы түгөл, жалаң гана сый-урматтын үстүндө жүргөндөй сезилген дүйнөлүк инсан бала кезден калган элестер менен жашаганын, атасы эсине түшкөндө заманасы куурулуп, "ак жарыктын айыкпаган сыныгы" көңүлүн өйүп, убакыт, өмүр өткөнү менен кусалыгы кайра өөрчүгөнүн Самсак Станалиев ачып берди, өзөк ойду айтылуу үчилтиктин квинтэссенциясына айландырды.

Символикалуу маани-мазмун алып кеткен Ак жарык жышаанын Чыңгыз Айтматов эңгезер СССРдин адабият, маданият жаатындагы абройлуу сыйлыгын алып Фрунзеге келип түшөр замат ооруканага барганда апасынан уккан экен:

“ - Эми силерге эч качан жер каратып ыза кылар сөз айтылбайт. Жаман кептен жаныңар сыздап, көңүлүңөр сынбайт. Кеткен күн деген кайрылбай качкан куш болду. Айымкан апаң, анан мен билем. Кийин Каракыз да билди. Сен ак жарык жышаана менен төрөлгөнсүң, аян берилген. Сенин колдоочуң баланын кирпигиндей гана бүлбүл жанган ак жарык. Ошону жоготпогун.

“Билем, апа, билем. Мен аны эч качан жоготпоймун”, - деп жибере жаздады Чыңгыз.

- Ошону жоготпогун, ошо сенин колдоочуң. Мындай иш айтчу кези келгенде гана айтылат. Отуз беш жыл болот, кара күдүк болуп жүрдүм эле. Айтар маалы келди, ошол үчүн айтып жатам. Бир өмүрүң эки дүйнөгө тең болсун, балам. Эми күндү карап, “Төрөкулдун баласымын, Төрөкул менин атам” деп жүргүлө. Төрөкул бүгүн тирилди. Жалгыздык менен сары санаанын кеселинен айыктым. Өлсөм да армансыз өлө турган болдум”.

Негизи Самсак Станалиевдин Касым Тыныстанов, Жоомарт Бөкөнбаев, Чыңгыз Айтматовдун өмүр жолуна кайрылышы, алардын пенделик жашоосун эпикалык масштабда көркөм ачып бериши - анын чыгармачылык эволюциясынын мыйзам ченемдүү жыйынтыгы. Касым Тыныстанов - сталиндик репрессиянын курмандыгы. Семетей тууралуу фильм тартуу абыгерчилигинде жүргөн Жоомарт Бөкөнбаев жол кырсыгынан каза болуп калбаса репрессияга сөзсүз туш келишин ленинграддык окумуштуу Наум Берков ырастаганын кыргыздын залкар сынчысы Кеңешбек Асаналиевдин эскерген жайы бар.

Репрессия деген эмне, ал кандай болорун Чыңгыз Айтматовдон мыкты билген жазуучу жоктур. Каргадай кезинде атасы менен апасы чиедей балдарынан жашыруун күбүр-шыбыр болушуп, анан бир күнү аялы менен балдарын чыгышка кетчү поюзга отургузуп, жакындары менен акыркы ирет көрүшүп жатканына ичи ачышып, өзүн коёрго жер таба албаган Төрөкул Айтматовдун акырын жылып бараткан составды жандап аягы талыганча чуркаганы, жүрөк үшүн алган катуу капсалаң Москвада күн кечирип аткан ынтымактуу үй-бүлөнү тооруп калганын кичинекей Чыңгыз балалык акылы менен сезген экен, ошондон вагонго киргени өпкө-өпкөсүнө батпай өксүп ыйлап атпайбы. "Ак жарыктын айыкпаган" жарасы ошол күндөн башталган.

Күндөлүк турмушта жөнөкөй, тартынчаак бирок кагаз менен каламга келгенде аябай өжөр, жасаган ишин жалпыга дайым эле жарыя кыла бербеген жупуну сүрөткер кыргыз залкарларынын өзүнчө бир тарыхый-көркөм портреттерин тартып берди. Анын чарчоо, чаалыгуу дегенди билбеген каламынан жаралган чыгармалар аркылуу кыргыз окурманы абалкы көркөм интеллигенциясынын пенделик турум-турпатын, карама-каршылыктуу оор мезгилде кечирген турмушу кандай өткөнүн таанып билди.

Самсак Станалиев К.Тыныстанов, Ж.Бөкөнбаев, Ч.Айтматовдун өмүр жолун баяндаган романдары менен эле токтолуп калбай, тарыхый инсандар тууралуу эсселерди, публицистикалык макалаларын жарыялаган, кыйла убакты-саатын гезит менен журналдардын түйшүктүү иштерине сарптаган.

Мээнеткеч кишиге айла жок экен, Сакең жазма үстөлдөн жылбай отуруп көлөмү жагынан белгилүү романдарынан кем калбаган кызыктуу адабий-сын, публицисттик макалаларды, эсселерди жазды. Кези келгенде алары китеп шекилинде чыгып калаар. Непадам ошондой иш жүзөгө ашырылчу болсо андан окурман эне тилинин ширесин, сөздү-сөзгө, ойду-ойго ыктуу кынаштырган сөз чеберинин чеберчилигин аңдамак.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, адабиятчы. Бир нече китептин автору, филология илимдеринин кандидаты. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG