Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Июль, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:48

Акаев: Сот "кемпирабадчыларды" актаса, бийликке рахмат айткандар көп болот


Жанар Акаев.
Жанар Акаев.

Бүгүн, 13-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Кемпир-Абад иши боюнча өтүп жаткан соттук отурумда шектүүлөр акыркы сөзүн сүйлөп жатышат. Бул күнү айыпталуучулардын жакындары сот имаратынын алдына чогулуп, соттон акыйкат чечим чыгаруусун талап кылып чыгышты.

Кемпир-Абад иши боюнча соттук процесстин жүрүшү жана мындагы саясий жагдай тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев "Азаттыкка" маек курду.

- Прокурор Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткандардын ар бирин 20 жылга абакка кесүүнү соттон сурады. Алардын адвокаттары биринчи инстанция жакын арада чечим чыгарышы мүмкүн экенин айтып жатышат. Прокурордун сураган мөөнөтү, бул иштин жүрүшү боюнча кандай пикирдесиз?

- Кемпирабадчыларга президент баш болуп, күч органдарынын жетекчилери жана соттор ырайымдуу, гумандуулук менен карап, аларды абактан бошотсо жакшы болмок. Кемпир-Абад жана негизи эле чек араны тактоо маселесинде каршы чыккан жарандар сөзсүз болот. Ага элдин баары макул болушу мүмкүн эмес. Ошол себептүү аларды тескерисинче абактан чыгаруу керек. Алар үчүн суралып жаткан 20 жылдык жаза өтө көп. Мисалы, ал жерге журналист катары чагылдыруу үчүн барган Айданбек Акмат уулун кантип 20 жылга кесип салышат? Прокурордун келтирген жаза мөөнөтү – адилетсиздик. Муну угуп менин да маанайым түштү. Аларга ансыз деле жазаны беришти, бир нече убактан бери камап отурушат, соттор жабык өтүүдө. Менимче, бул жерде саясий тирешүү же өч алуунун зарылдыгы жок. Дүйнөдө олку-солку болуп, жаңы коркунучтар чыгып жаткан маалда Кыргызстанда өлкө жетекчилиги позиция-оппозиция деп бөлбөстөн, бардык жарандарга бирдей мамиле кылып, кечиримдүү болуп, ортодо диалог жүрсө жакшы болмок.

- Кемпир-Абадчылардын маселеси социалдык тармактарда да талкууланып турат. Адатта бийликтин иш-аракетин колдоп жүргөн айрым соцтармак колдонуучулары прокурордун сураган жаза мөөнөтүн кубаттап, бийлик “массалык башаламандыктын, мамлекеттик төңкөрүштүн алдын алды” деген пикирлерди жазып жатышат. Мындай пикирлердин айтылып жатканы канчалык жүйөлүү жана бийлик туруктуулукту ушундай жол менен кармап жатат дегенге негиз барбы?

- Дүйнөдөгү оош-кыйыш заманды баары көрүп турат. Азыр ар бир өлкө үчүн стабилдүүлүк маанилүү. Биз муну түшүнүү менен көп маселеде колдоп келе жатабыз. Алар көчөгө чыгып, элди үгүттөп, бийликти күч менен басып алабыз деген ойду байкаган жокмун. Анткени 27-30 киши келип эле жүр десе, элдин баары чыгып бийликти басып албайт да. Социалдык тармактардагы бийликтин колдоочулары коомдун ичинде жик салып, нааразылыктарды күчөтпөй, тескерисинче, ынтымакка, консолидацияга чакырышы керек. Аттуу-баштуу эле блогерлер жазып жатышат. Кемпир-Абадчылар абактан чыкканда деле эч жакка качып кетпейт. Ошентип деле териштирүүлөрдү уланта берсе болот. Алардын баарын абакта кармаштын кереги жок. Албетте, бийликти күч менен басып алам дегендер жооп бериши керек. Бирок алар чек араны тактап жаткандагы маселе боюнча гана чогулушкан, нааразылыгын билдиришкен. Бул Башмыйзамда жазылган жана муну чектен чыкты деп ойлобойм.

- Кемпир-Абад иши боюнча айыпталып жаткандардын көбү саясий процесстерге көз салып, пикирин, сынын айтып жүргөн саясатчылар, укук коргоочу, активисттер. Алар абактан да билдирүүлөрдү улам чыгарып, өздөрүн оппозиция катары көрсөтүп келет. Аларга карата чыккан соттун чечими өлкөдөгү саясий кырдаалга кандай таасир этиши мүмкүн?

- Биз соттун чечими чыгарда басып өткөн жолубузду карап коюшубуз керек. Эгемендик алган жылдан бери каршы сүйлөгөндөрдүн баары камала берип, мындан сабак ала албай жатабыз. Ушул 27 кишини соттоп, камап ийсе эле элдин баары кубаттап, “эми заман оңолот” деген туура эмес. Эл аралык, жарандык коомчулук дегендер бар. Эгерде сот чечими катаал чыга турган болсо, бул көп жарандарды жана саясатчыларды нааразы кылат. Адамдар өзүнүн пикирин айтат, каршы чыгат, элдин 100% колдобойт. Алар коомго зыян келтире турган адамдар эмес. Арасында саясий ишмерлер, журналисттер бар. Айыпталуучуларды сот актап койсо, коомчулукта бийликке рахмат айткандар көп болмок.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG