Быйыл беш айда өлкөгө 249 кыргыз жаранынын сөөгү алынып келди

Иллюстрациялык сүрөт.

Быйыл беш айда чет өлкөлөрдө каза болгон 249 кыргыз жаранынын сөөгү мекенине жеткирилди. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги "Азаттыкка" кабарлады. Маалыматка караганда, каза болгон кыргызстандыктардын сөөгүн алып келүүгө мамлекет 23 млн. 260 миң сом төлөп берген.

Министрлик 2023-жылы чет өлкөлөрдөн 581 ашык кыргызстандыктын сөөгү мекенине алынып келгенин, алардын басымдуу бөлүгү Орусия, Түркия, Индия, АКШ жана Казакстан сыяктуу өлкөлөрдөн жөнөтүлгөнүн билдирген. "Жүк-200дү" алып келүү үчүн былтыр мамлекет 61 млн. 244 миң сом бөлгөн.

Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) маалыматына караганда, 2022-жылы чет мамлекеттерден 350 кыргызстандыктын, 2021-жылы 540 адамдын сөөгү “Жүк-200” болуп келген.

Чет өлкөдө кайтыш болгон жарандарынын сөөгүн репатриациялоо боюнча жакын туугандарынын же башка адамдардын чыгымдарын жабууга бир жолку төлөм Кыргызстандын өкмөтү бекиткен өлчөмгө ылайык берилет. (КЕ)

Дагы караңыз

Бишкек шаарынын башкы планы үч жылдын ичинде бекитилери айтылдыӨкмөт башчы ишкерлер жаңы салык саясатына сөзсүз өтөрүн айттыБулчуңдары атрофия болуп ооруп, баспай калган балдардын ата-энелери пикетке чыктыАкылбек Жапаров күзүндө жергиликтүү кеңештерде шайлоо өтөрүн билдирди