Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:35

Бишкек шаарынын башкы планы үч жылдын ичинде бекитилери айтылды


Бишкек.
Бишкек.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бишкек жана башка шаарлардын башкы планы үч жылдын ичинде бекитиле турганын билдирди. Бул тууралуу ал 13-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Административдик-аймактык реформа боюнча маселелер каралып жатканда айтты. Депутат Дастан Бекешев бир топ шаарлардын башкы планы жок экенин, Бишкектин аймагы бир топ чоңойгонун белгиледи. Эл өкүлү реформанын алкагында борбор калаага кошулган айыл өкмөттөрдүн канчасы дотацияда экенине кызыкты.

"Жакынкы үч жылда бардык шаарлардын башкы планы бекитилет. Бул үчүн биз республикалык бюджеттен дагы акча бөлүп жатабыз. Биз бул ишти тездетебиз", - деди Жапаров. Ошол эле кезде Бишкекке кошулган айыл өкмөттөрдүн бирөө дагы дотацияда эмес экени айтылды.

Президент Садыр Жапаров 2023-жылы 30-декабрда “Административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, өлкөнүн дээрлик бардык райондорунда айыл аймактарынын көпчүлүгү ирилештирилип, жаңы аталыштарга ээ болгон.

Административдик-аймактык реформа пилоттук түрдө 2022-жылы Ысык-Көлдүн бир, Нарын облусунун беш районунда жүргүзүлгөн.

Реформанын негизинде Бишкек шаары 12,9 миң гектардан 37,8 миң гектарга кеңейди. Чүй облусунун 8 айыл аймагы жана 4 айыл аймагынын айрым айылдары борборго кошулду.

Мындан сырткары Ош шаарын айланта курчаган бир нече айыл да экинчи борбор калаага кошулган.

Ирилешип жаткан айыл аймактарда жана шаарларга кошулуп жаткан айылдарда жайыт, үлүш жана башка жерлерине байланыштуу нааразылыктар болуп жатканы кабарланган.

Буга чейин шаар бийлиги 2023-жылы март айында гана жаңы Башкы планды түзүүгө киришкени маалымдалган. Учурда иштеп жаткан 2025-жылга чейинки Башкы план 2006-жылы кабыл алынган. Архитекторлор ал бир кыйла сабаттуу жасалганы менен, болгону 15-20% гана ишке ашты деп эсептешет. Башкы планда Аламүдүн, Ала-Арча дарыялары менен Чоң Чүй каналынын өрөөндөрү тоодон шаарга кирүүчү муздак аба агымынын нугу катары кызмат кылгандыктан, анын аймагында курулуш жүргүзүүгө тыюу салынган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG