Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:22

Акылбек Жапаров күзүндө жергиликтүү кеңештерде шайлоо өтөрүн билдирди


Кыргызстанда өткөн шайлоодогу добуш берүүчүлөрдүн тизмеси. Архив.
Кыргызстанда өткөн шайлоодогу добуш берүүчүлөрдүн тизмеси. Архив.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров административдик-аймактык реформанын алкагында жергиликтүү кеңештерди мөөнөтүнөн мурда шайлоону быйыл күзүндө өткөрүү пландалып жатканын билдирди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин 13-июндагы жыйынында маалымдады:

“Сиздер мыйзамдарды колдоп берсеңиздер жергиликтүү кеңештерди шайлоону быйыл күзүндө өткөрсөкпү деп жатабыз. Бирдиктүү күн кылып, төрт эмес, беш жылга шайланат. Жергиликтүү кеңештердин шайлоосун быйыл өткөрүп алалы деп жатабыз”.

Жапаров административдик-аймактык реформанын максаты айылдарды бириктирип, шаарларды кеңейтүү экенин, реформанын жыйынтыгы менен айыл аймактар 452ден 235ке азая турганын билдирди.

Ошондой эле кадрдык потенциалды күчөтүлүп, райондун акимдерине ыйгарым укуктар берилгенин, ротациялоо системасы менен “өзүбүздүн уул” деген принцип жоюлганын белгиледи.

Президент Садыр Жапаров 2023-жылы 30-декабрда “Административдик-аймактык реформа жүргүзүү жөнүндө” жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, өлкөнүн дээрлик бардык райондорунда айыл аймактарынын көпчүлүгү ирилештирилип, жаңы аталыштарга ээ болгон.

Административдик-аймактык реформа пилоттук түрдө 2022-жылы Ысык-Көлдүн бир, Нарын облусунун беш районунда жүргүзүлгөн.

Реформанын негизинде Бишкек шаары 12,9 миң гектардан 37,8 миң гектарга кеңейди. Чүй облусунун 8 айыл аймагы жана 4 айыл аймагынын айрым айылдары борборго кошулду.

Мындан сырткары Ош шаарын айланта курчаган бир нече айыл да экинчи борбор калаага кошулган.

Ирилешип жаткан айыл аймактарда жана шаарларга кошулуп жаткан айылдарда жайыт, үлүш жана башка жерлерине байланыштуу нааразылыктар болуп жатканы кабарланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG