Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:33

Өкмөт башчы ишкерлер жаңы салык саясатына сөзсүз өтөрүн айтты


Электрондук коштомо кагазды (ЭТТК) жана электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) колдонууга каршы акцияга чыккан соодагерлер. 12-июнь, 2024-жыл.
Электрондук коштомо кагазды (ЭТТК) жана электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) колдонууга каршы акцияга чыккан соодагерлер. 12-июнь, 2024-жыл.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ушул жылдын аягына чейин көзөмөл-кассалык машиналар (ККМ), электрондук коштомо кагаз (ЭТТК) жана электрондук эсеп-фактура (ЭЭФ) сөзсүз колдонула баштарын билдирди. Бул тууралуу ал Жогорку Кеңештин 13-июндагы жыйынында сүйлөгөн сөзүндө айтты.

“Көзөмөл-кассалык машиналар, ЭТТК жана электрондук эсеп-фактура аткезчилердин жолун толук бууйт. Биз ага ушул жылдын аягына чейин жетишебиз деп турабыз. Биз алардын оюна койбойбуз. Алар мыйзам менен иштеш керек, салыгын татынакай төлөп биздин мамлекетте өзүнүн пайдасын көрүш керек. Кыргызстанда мындан ары аткезчилер менен уюшкан кылмыштуу топторго орун жок”, - деди ал.

12-июнда “Дордой Дыйкан”, “Ош базары” жана “Азиз” базарынын соодагерлери Бишкектеги Максим Горький атындагы бакчага электрондук коштомо кагазды (ЭТТК) жана электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) колдонууга каршы нааразылык акцияга чыгышкан.

10-11-июнь күндөрү “Дордой Дыйкан” менен “Ош базарынын” соодагерлери ушундай эле талап менен иш ташташкан. Мамлекеттик салык кызматы ишкерлерге ККМ, ЭТТК жана ЭЭФны колдонуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатканын кабарлаган.

Президент Садыр Жапаров 6-июнда ишкерлер менен көзөмөл-кассалык машинаны (ККМ), электрондук коштомо кагазды (ЭТТК), электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) киргизүү жана колдонуу маселелери боюнча жолугушуу өткөргөн. Мамлекет башчы салык органдарынын кызматтарын санариптештирүү көмүскө экономиканы азайтууга, мамлекет менен ишкерлердин ортосундагы ишенимди бекемдөөгө жана өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртууга багытталганын айткан.

Жыйында электрондук товардык коштомо кагазды колдонбогондорго айып пул салуу 2025-жылдын 1-январына чейин токтотулганы белгилүү болгон.

Кыргызстандын бийлиги жаңы салыктык реформалардын алкагында 2024-жылдын 1-январынан тартып соода ишмердиги үчүн патентти жоюп, бул тармакта иштегендерди жаңы жылдан баштап башка ыкмага өтүүгө чакырып жаткан. Алып-сатуу менен алектенгендер жалпы салыктык режимин же атайын салыктык режимин тандап, сөзсүз түрдө көзөмөл-кассалык машинелерди (ККМ) колдонушу керек эле.

Бул мөөнөт жакындаган маалда – 2023-жылдын ноябрынын аягында жана декабрынын башында Кыргызстандагы базарларда соода кылгандар ККМ системасын киргизүүгө каршы нааразылык акциясын өткөрүп, айрымдары иш ташташкан.

Ушундан улам ККМди милдеттүү колдонуунун мөөнөтү быйыл 1-июлга чейин жылдырылган.

ККМ – бул товар сатуу жана кызмат көрсөтүү үчүн керектелген эсептөөчү аппарат. ЭТТК – товар, жөнөтүүчү, алуучу жана жеткирүүчү транспорт каражаты жөнүндө маалыматтарды жана башка маалыматтарды камтыган электрондук документ. ЭЭФ – кошумча нарк салыгын эсептөө үчүн керектеле турган, товар саткан жана кызмат көрсөткөн тарап толтура турган конкреттүү үлгүдөгү салыктык документ. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG