Булчуңдары атрофия болуп ооруп, баспай калган балдардын ата-энелери пикетке чыкты

Булчуңдары атрофия болуп ооруп, баспай калган балдардын ата-энелери пикетке чыкты. 2024, 13-июнь

Бишкек шаарында булчуңдары атрофия болуп ооруп, буту баспай калган балдардын ата-энелери өкмөт үйүнүн алдына пикетке чыгышты. Алар балдардын жашоосуна керектүү дарынын жок болуп жатканын айтышып, ИВЛ-аппараттарды бөлүп берүүнү өкмөттөн өтүнүп жатышат. Ата-энелер кымбат баалуу дарыны учурда сегиз гана бала алып, калгандары кезек күтүп жатканын белгилешти.

Өкмөт үйүнүн алдына чыккандардын арасында эки же үч баласы ушундай оору менен ооругандар бар. Алар өкмөт керектүү аппарат алууга жардам берсе балдары өз алдынча кыймылдап, дем алуусу жеңилдеп калат деп үмүт артып жатышат.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстан боюнча майыптыгы бар адамдардын саны 213 миңден ашкан. Анын ичинен 37 миңи – 18 жашка чейинки балдар.

Саламаттык сактоо уюмдарынын көрсөтмөсүн алган жарандар медициналык-социалдык эксперттик комиссиядан күбөлөндүрүүдөн өтүп, "майып" макамын алат. (KЕ)

Дагы караңыз

Өкмөт башчы ишкерлер жаңы салык саясатына сөзсүз өтөрүн айттыЖалал-Абадда Июнь окуясынын курмандыктары эскерилди “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолунун курулушу августта башталатАкылбек Жапаров Миң-Кушта радиациялык абал туруктуу экенин айтты