Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:39

Жалал-Абадда Июнь окуясынын курмандыктары эскерилди


Июнь окуясынын курмандыктары эскерүү иш-чарасы. Жалал-Абад облусу.
Июнь окуясынын курмандыктары эскерүү иш-чарасы. Жалал-Абад облусу.

13-июнда Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Топурак-Бел ашуусундагы калабага арналып курулган мемориалдык комплексте Июнь окуясынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасы өттү.

Ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана коогалаңда жакынын жоготкондор катышты. Анда сөз сүйлөгөн президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Максат Сыдыков улут аралык ынтымак маанилүү экенин айтты.

Июнь окуясында Жалал-Абад облусунда 86 адам курман болгон.

2010-жылдын апрель айында Кыргызстанда нааразылык акцияларынан кийин бийлик алмашкан. Ошол жылдын июнь айында Ош жана Жалал-Абад облустарында улут аралык жаңжал чыккан. “Июнь окуясы” деген ат менен калган бул коогада расмий эсеп боюнча 446 адам каза болуп, эки миңге чукул киши ар кандай жаракат алган. 57 адам дайынсыз жоголуп, алардын 17си табыла элек. (TB)

XS
SM
MD
LG