Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июль, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:36

“Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолунун курулушу августта башталат


“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол магистралынын иллюстрациялык түшүндүрмөсү.
“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол магистралынын иллюстрациялык түшүндүрмөсү.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин 13-июндагы отурумунда “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жолунун курулушу быйыл август айында башталарын айтты.

Ал 6-июнда Бээжин шаарында “Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан” темир жол долбоорун ишке ашырууну биргелешип илгерилетүү боюнча үч өлкөнүн ортосундагы кезектеги макулдашууга кол коюлуп, проектти каржылоо маселеси чечилгенин кошумчалады. Бирок канча акча кетерин жана анын булагы тууралуу маалымат берген жок.

2022-жылдын сентябрында Өзбекстандын Самарканд шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин алкагында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Кытайдын лидери Си Цзинпин жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин жолугушуусун утурлай “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун долбоору боюнча кызматташууга кол коюлган.

Макулдашууга ылайык, жол тилкеси Кыргызстандын аймагында Торугарт – Арпа – Макмал – Жалал-Абад багыты аркылуу өтүүгө тийиш жана бул темир жолдун жалпы узундугу 280 чакырымды түзөрү айтылган.

“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун кыргыз жергеси аркылуу өтчү линиясынын баштапкы баасы 5 миллиард доллардын тегерегинде деп бааланган. Багыттардын өзгөрүшүнө жана курулуш иштеринин аткарылышына байланыштуу суммалар алымча-кошумча болушу мүмкүн. (BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG