БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш Кыргызстанга келет

Антониу Гутерриш.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) башкы катчысы Антониу Гутерриш жакын арада Кыргызстанга эки күндүк иш сапары менен келет.

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин 13-июндагы жыйынында айтты. Анын сөзүнө караганда, Антониу Гутерришге Кыргызстанда жүрүп жаткан реформалар жана БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берилет.

Кыргызстан 1992-жылы 2-мартта Бириккен Улуттар Уюмуна кабыл алынган.

БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриш 2017-жылы Борбор Азияга сапарынын алкагында Кыргызстанга келип кеткен. (BTo)

Дагы караңыз

Өкмөт башчы ишкерлер жаңы салык саясатына сөзсүз өтөрүн айттыЖалал-Абадда Июнь окуясынын курмандыктары эскерилди “Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолунун курулушу августта башталатАкылбек Жапаров Миң-Кушта радиациялык абал туруктуу экенин айттыЖогорку Кеңеш Кыргызстанда уран казууга уруксат бердиКыргызстанда орус рублинин сомго карата курсу түшүп кеттиБишкекте Пакистан жана Бангладеш жарандары мушташтыОшто мэриянын иш козголгон эки кызматкери иштен убактылуу четтетилди