13-июнда Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Топурак-Бел ашуусундагы калабага арналып курулган мемориалдык комплексте Июнь окуясынын курмандыктарын эскерүү иш-чарасы өттү.
Ага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана коогалаңда жакынын жоготкондор катышты. Анда сөз сүйлөгөн президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Максат Сыдыков улут аралык ынтымак маанилүү экенин айтты.
Июнь окуясында Жалал-Абад облусунда 86 адам курман болгон.
2010-жылдын апрель айында Кыргызстанда нааразылык акцияларынан кийин бийлик алмашкан. Ошол жылдын июнь айында Ош жана Жалал-Абад облустарында улут аралык жаңжал чыккан. “Июнь окуясы” деген ат менен калган бул коогада расмий эсеп боюнча 446 адам каза болуп, эки миңге чукул киши ар кандай жаракат алган. 57 адам дайынсыз жоголуп, алардын 17си табыла элек. (TB)
Дагы караңыз
Өкмөт башчы ишкерлер жаңы салык саясатына сөзсүз өтөрүн айтты“Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан” темир жолунун курулушу августта башталатАкылбек Жапаров Миң-Кушта радиациялык абал туруктуу экенин айттыЖогорку Кеңеш Кыргызстанда уран казууга уруксат бердиКыргызстанда орус рублинин сомго карата курсу түшүп кеттиБишкекте Пакистан жана Бангладеш жарандары мушташтыОшто мэриянын иш козголгон эки кызматкери иштен убактылуу четтетилдиКемпир-Абад иши: Жарыш сөз шектүүлөргө толук берилген жок