Казакстанда активисттин өлүмүнө айыптуулардын өкүмү өзгөрүүсүз калды

Галы Бактыбаев.

Казакстанда жемкорлукка каршы ишмердүүлүгү менен таанылган жарандык активисттин ур-токмокко алынып өлтүрүлүшүнө байланыштуу соттолгондордун өкүмү өзгөрүүсүз калды.

Акмоло облустук соту 11-июндагы чечими менен Галы Бактыбаевдин өлүмүнө айыпталган төрт кишинин өкүмдү жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөтүү тууралуу апелляциялык арызын канааттандыруудан баш тартты.

Жабыркаган тарап өкүмдү өзгөртүүсүз калтырууну суранган.

Мурдагы полиция кызматкери Галым Ахметжанов жана бизнесмен Азамат Бокенаев 15 жылга кесилген. Иман Мияшев аттуу жаран 16, Элдар Жакен деген киши үч жылга эркинен ажыратылган.

Караганда облусунун Жанаарка районундагы социалдык көйгөйлөрдү көтөрүп, коррупцияга байланыштуу иштер боюнча коомдук иликтөөлөрдү жүргүзүп келген 59 жаштагы Галы Бактыбаевди 2019-жылы өз үйүнөн мылтык менен башка атып өлтүрүп кетишкен. Ага чейин анын оозун жабуу үчүн ар кандай коркутуп-үркүтүүлөр болуп келген.

Бактыбаевдин өлүмүнө байланыштуу маселе АКШнын Мамлекеттик департаменти 2021-жылы Казакстандагы адам укуктарынын абалы боюнча баяндамасында козголгон. Ал мамлекеттик каражаттын уурдалышына каршы аракет көргөн активист экени айтылган. (RK)

Дагы караңыз

"Соодага ыңгайсыз". Салык системасына каршы акция уланды 12-июнь: Бишкекте соодагерлердин акциясы уланды, АКШда тажикстандык сегиз киши террорчулукка шектелүүдөПарламентте "кыз ала качуу" менен "кыз уурдоонун" айырмасы талкууга түштүЗалкарлар портретин сөз менен тарткан чебер кетти