Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:03

Парламентте "кыз ала качуу" менен "кыз уурдоонун" айырмасы талкууга түштү


Ала качуунун курмандыгы болгон Бурулай Турдаалы кызы менен Айзада Канатбекованы эскерген акция. Бишкек. 2023-жыл.
Ала качуунун курмандыгы болгон Бурулай Турдаалы кызы менен Айзада Канатбекованы эскерген акция. Бишкек. 2023-жыл.

Жогорку Кеңештин депутаттары 12-июндагы жалпы отурумда “Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатканда "никеге туруу максатында ала качуу" жана "никеге туруу максатында уурдоо" деген сөздөрдүн айырмасы боюнча талашып-тартышты.

Депутаттар Элмурза Сатыбалдиев менен Исхак Масалиев кыргыз тилинде "ала качуу" менен "адам уурдоонун" мааниси эки башка болорун белгилешти.

Долбоордун демилгечиси, Кылмыш-жаза кодексиндеги 172-берененин “Никеге туруу максатында ала качуу” деген жерин “Никеге туруу максатында адам уурдоо” деп өзгөртүүнү сунуштаган депутат Кубанычбек Самаков "никеге туруу максатында уурдоо" деген термин менен "ала качуу" кылмышын "адам уурдоо" кылмышына теңөө аракети болгонун айтты.

"Кылмыш кодексинде эч кандай салт болбошу керек, сот чечим чыгарганда да эч кандай салтка таянып чыгарылбашы керек. Сиз айткандай, "ала качуу" деген сөздү биз атайын жоопкерчилигин күчөтүү үчүн "адам уурдоо" деп которгонбуз. Эсиңиздерге сала кетейин, милиция "ала качып кеткендир, эртең кудага барасыз" деп кылмыш ишин козгобой коюп, Айзада Канатбек кызынын тагдыры эмне болду эле?".

Депутат Элвира Сурабалдиева "кыз ала качуунун" курмандыктары болгон Бурулай менен Айзаданын окуясына жооптуу катары иштен алынган милиция кызматкерлери кайрадан жетекчилик кызматтарда иштеп жатканын сынга алды.

Жыйынтыгында “Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору депутаттардын колдоосун тапкан жок.

2018-жылы 19 жаштагы Бурулай Турдаалы кызы Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө бычакталып, каза тапкан. Бул окуядан кийин кызматынан алынган Чүй облустук милициясынын башчысы Марлис Асанов былтыр январда Ош шаардык ички иштер башкармалыгына, быйыл апрелде Жалал-Абад облустук милициясына жетекчи болуп дайындалган.

2021-жылы 5-апрелде Бишкекте 27 жаштагы Айзада Канатбекова уурдалып, киши колдуу болгон. Кийинчерээк бул окуяга кайдыгер караганы үчүн "шалаакылык" беренеси менен 12 кызматкер иштен алынганын, 27сине эскертүү берилгенин жана бешөөнө сөгүш жарыяланганын Ички иштер министрлиги маалымдаган.

Ошол эле учурда Бишкек шаардык милициясын жетектеп турган Бакыт Матмусаев кызматтан алынган. Кийин ал ички иштер министри Улан Ниязбековго кеңешчи болгону айтылган. Жакында Биринчи май райондук соту аны актаган.

Кыргызстанда кыз ала качуу - оор кылмыш. Мындай кылмышы далилденгендер Кылмыш-жаза кодексинин “Никеге туруу максатында ала качуу” беренесинин биринчи бөлүгү (“Никеге туруу үчүн адамды ала качуу”) менен беш жылдан жети жылга чейин, экинчи бөлүгү (“Кыз баланы иш жүзүндөгү нике мамилелерине туруу же болбосо никеге туруу үчүн ала качуу”) менен жети жылдан он жылга чейин абакка кесилет.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG