Украина: Харьковго авиабомба тийди, Зеленский Сумы аймагы толук көзөмөлдө экенин айтты

Украина.

Украинанын Харьков облусунда бүгүн 10-июнда Орусиянын башкарылуучу авиабомба менен коюлган чабуулунан кеминде бир кишинин өмүрү кыйылганын, дагы эки киши жараат алганын жергиликтүү аскердик администрация башчысы Олег Синегубов билдирди.

Өлкөнүн Башкы штабынын соңку маалыматына караганда, өткөн апта ичинде Орусия аскерлери Украинанын аймагын 21 миң жолу аткылашты, 431 авиа чабуул жасалды.

Украин президенти Владимир Зеленский билдиргендей, Сумы облусун азыркы тапта толук бойдон Украина аскерлери көзөмөлдөп турушат. Бул тууралуу ал 10-июнда Х (мурдагы Twitter) социалдык түйүнүндөгү баракчасына жазды, бирок Орусиянын диверсиялык топтору аталган аймакта “дале активдүү” экенин, аларды “жок кылып жатышканын” кошумчалады.

Рыжевка кыштагында орусиялыктар “пропагандалык операциясын” ишке ашырууга аракет жасашканын, бирок “Орусиянын туусу жок кылынганын”, аталган кыштакта азыркы тапта “душман жок” экенин белгиледи.

Кечээ Чеченстан башчысы Рамзан Кадыров Курск облусу менен чектеш тилкедеги Рыжевканы орусиялыктар ээлеп алышканын билдирген жана ошол тууралуу 1,5 мүнөттүк видео жарыялаган болчу. (RK)

Дагы караңыз

Казан аэропортунун иши бүгүн да үзгүлтүккө учурады Кыргызстанда алгачкы жолу боор алмаштыруу операциясы жасалуудаЭки жылда чет жактагы мигранттардын саны 143 миңге азайды"Жакшы сөздү издеп кетти дегиле..."