Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:15

Казан аэропортунун иши бүгүн да үзгүлтүккө учурады


Казан аэропорту.
Казан аэропорту.

Орусиянын Татарстан республикасынын борбор калаасы Казандагы аэропорттун иши бүгүн 10-июнда да үзгүлтүккө учурады. Үч саат бою учактар кабыл алынбай, учурулбай, Нижнекамск жана Самара шаарларындагы аэродромдорго жөнөтүлүп жатты. Буга коопсуздуктан улам көрүлгөн чара себеп болгонун Росавиация маалымдады.

Казан аэропортунун иши учкучсуз учактар коркунучунан улам соңку кезде бир нече жолу токтоп жатты. Акыркы жолу аны бир апта мурда, 3-июнда убактылуу жабышкан.

«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун татар-башкыр кызматынын маалыматына караганда, быйыл жаздан бери Татарстан аймагы кеминде беш жолу согуштук дрон чабуулуна кабылды. Акыркы сокку 31-майда урулган.

Быйыл 2-апрелде Татарстанда Украинага каршы чабуулдарда колдонулуп жаткан учкучсуз учактар өндүрүлөрү айтылган ишканаларга сокку урулган. "Алабуга" өзгөчө экономикалык аймагындагы согуштук дрон чыгаруучу завод дрон соккусуна кабылган. Заводдун жумушчулары жана "Алабуга Политех" коллежинин студенттери жашаган хостел имараты талкаланган. 14 киши жараат алган. Татарстандын президенти Рустам Минниханов ар бир ишкана учкучсуз учактардан өз алдынча коргонушу керек экенин айткан.

Түркмөнстан Татарстанга авиа каттамдарын убактылуу токтотуп жатканын 2-июнда билдирген. Былтыр август айында да "Түркмөнстан" авиакомпаниясы Москвага каттамдарын убактылуу токтоткон.

Казанга Актөбө шаарынан каттамдарын убактылуу токтотуп жатканын Казакстандын Qazaq Air авиакомпаниясы 3-апрелде жарыялаган.

Орусия Украинага 2022-жылдын февралында кол салгандан бери шаар-кыштактарды куралдын көптөгөн түрү – учкучсуз согуштук учак, ракета, авиациялык бомба, жапырт аткылоочу система менен аткылоодо, бирок жарандык объектилерди бутага алганын четке кагууда. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG